Ош

Мэңдайым
Сүйүнбай кызы

Заманбап Кыргызстанда майыптыгы бар кыздар жана аялдар өздөрүн лидер, ишкер жана активист катары көрсөтүп, коомдун адамдын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү түшүнүктөрүн өзгөртүүдө. Мэңдайым Сүйүнбай кызынын окуясы – жеке тырышчаактык, билим берүү жана коомдук ишмердүүлүк бир гана адамдын тагдырын өзгөртпөстөн, бүтүндөй коомчулукту кантип шыктандыра аларынын ачык мисалы.

Анын жолу көрсөтүп тургандай: майыптуулук активдүү жарандык позицияга, лидерликке жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче, ал күч-кубаттын, аң-сезимдүүлүктүн жана Кыргызстандын аймактарындагы жаштар, аялдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулуунун булагы боло алат.

Өмүр баяны

Мэңдайым Сүйүнбай кызы Ош шаарында төрөлгөн жана жашайт. Жаш курагына карабастан, анын өмүр жолу маанилүү жетишкендиктерге жана коомдук ишмердүүлүккө толуп турат. Ал кичинекей кезинен эле өз коомчулугуна активдүү жана пайдалуу болууга умтулган. Мэңдайым 19 жашында эле Ага Хан уюмунун CASA-1000 долбооруна катышып, волонтердук ишмердүүлүгүн баштаган. Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында иштеп, жергиликтүү жаштар менен биргеликте айылдын көйгөйлөрүн талдап, аларды чечүүгө катышкан.

Анын катышуусу жана демилгеси менен айыл жаштарынын муктаждыктарына, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн коопсуз жай түзүү зарылдыгына көңүл бурууга жетишилди. Натыйжада балдар ойноочу аянтчаны куруу жана жаштар борборун өнүктүрүү боюнча демилге ишке ашырылды.
20 жашында "Uzgen Rice Products" бренди менен өзүнүн бизнесин ачкан. Анын продукциясы — өзгөн күрүчүнөн жасалган печенье, чай жана косметикалык скрабдар — экологиялык таза жана жергиликтүү ишкердүүлүктүн үлгүсү болуп калды. Өзүнүн үлгүсү менен ал майыптыгы бар жаштар ийгиликтүү ишкер болуп, жумуш орундарын түзө аларын көрсөттү.

Мэңдайым билим алуусун уланта берген. Ал Ош технологиялык университетине "Колдонмо информатика" адистигине тапшырып, бюджеттик негизде окуган. Бардык жарандардын билим алууга бирдей укугу принцибин жетекчиликке алып, ал майыптыгы бар адамдардын да кесиптик жактан өсүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин далилдөөгө умтулган.

Окуудагы ийгиликтери үчүн Меңдайым президенттик "Үмүт" стипендиясынын ээси болгон. Ал университетти артыкчылык менен аяктаган — бакалавриатты да, магистратураны да. Бүгүнкү күндө ал Ош технологиялык университетинде информатика мугалими болуп иштеп, студенттерге билим берип, жаштарды өнүгүүгө үндөп келет.
Мэңдайым окутуучулук ишмердүүлүгүнөн тышкары коомдук иштерге активдүү катышат. 2022-жылы ал инфраструктуралык долбоорлордун таасир этүү аймагындагы жамааттар менен иштеген коомдук бирикмени жетектеген. 2024-жылы, болгону 22 жашында, ал Өзгөн районунун Кашка-Терек айылында жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Анын шайланышы коом үчүн маанилүү белги болду: майыптыгы бар жаш аялдар жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышып, өз жамааттарынын кызыкчылыктарын коргой алышат.

Өлкөгө кошкон салымы

Мэңдайым Сүйүнбай кызынын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы бир нече багыттар боюнча байкалат: билим берүү, жаштар саясаты, ишкердик жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүү. Анын ыктыярдуу жана долбоордук ишмердүүлүгү аркылуу айыл жерлериндеги инфраструктураны жакшыртууга, жаштардын демилгелерин колдоого жана балдар менен өспүрүмдөрдүн өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшкөн. Анын катышуусу менен жаштар аянтчаларын түзүү жана айылдык жамааттарды өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча долбоорлор ишке ашырылган.

Ишкер катары ал жергиликтүү өндүрүштү жана экологиялык таза продукцияны жайылтып, аймактарда туруктуу бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. Анын ишмердүүлүгү чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана башка жаш адамдарды өз долбоорлорун баштоого шыктандырат.
Мугалим жана машыктыруучу катары Мэңдайым билим жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттерди жана жаштарды окууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана активдүү жашоо позициясына үндөйт. Ал жаштар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн мотивациялык жолугушууларды өткөрүп, өзүнүн үлгүсү менен чектөөлөр өсүү жана күч булагы боло аларын көрсөтөт.

Анын жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланышы аялдардын жана майыптыгы бар адамдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы өкүлчүлүгүн күчөтүүгө карай маанилүү кадам болду. Ал билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, жаштарды өнүктүрүүнү жана бардык жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү жактайт. Меңдайымдын окуясы Кыргызстан үчүн маанилүү, анткени ал лидерлердин жаңы муунун – билимдүү, социалдык жактан жоопкерчиликтүү жана өзгөрүүлөргө ачык экенин көрсөтөт. Анын жашоосу жана ишмердүүлүгү майыптуулук мүмкүнчүлүктөрдүн чеги эмес, максаттарга жетүүнүн жана коомго кызмат кылуунун башка жолу экенин тастыктайт.
Булактар:

Подкаст
Невакет медиа

Мэңдайым Сүйүнбай кызынын окуясы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору – анонимдүү

Ош ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш