1924-жылдын 14-октябрында Орусия Федерациясынын курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлүп, 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Союздук Советтик Республикасы болуп өзгөртүлгөн.
2024-жылдын 31-августунан бери Кыргыз Республикасында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун маанилүү учуру болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип келатат.
XII Бүткүл орусиялык Советтеринин съездинин делегаттары. Алардын катарында (солдон оңго карай 2-катарда): БСКП(б) Кыргыз обкомунун экинчи жооптуу катчысы Ж.Саадаев (бешинчиси), Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбеков (алтынчысы). Москва шаары, 1925-жыл. РГА КФД № Е-249. КР БМ КФФДА № 27-6148. Аялдын ысымы белгисиз.
Бардык сүрөттөр жана аларга сүрөттөмөлөр: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” виртуалдык көргөзмөсү: http://kkao.archive.kg/ru/
Ошентип, 1925-жылды Кыргыз Республикасында аялдар кыймылы пайда болгон жыл деп айтууга болот. 2025-жылы бул кыймылга 100 жыл болот.
1925
1925-жылы бир нече маанилүү окуялар болуп, өлкөдөгү теңдик үчүн кыймылга негиз салган.
1925-жылдын 25-февралында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин жазык жоопкерчилиги жөнүндө токтому жарыяланган, анда аялды эркинен тышкары никеге турууга мажбурлоо, калың төлөө, көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, ошондой эле эркектер менен аялдардын нике курагы белгиленген.
Фрунзе шаарында биринчи төрөт үйү ачылган. Аялдар үчүн клубдар да ачылган: сабатсыздыкты жоюу мектептери, дарыгерлердин консультациялары, маданий ийримдер, көчмө “кызыл боз үйлөр” (маданий-агартуу мекемеси) ачылган.
1925-жылдын 5-мартынан 8-мартына чейин дыйкан, батрак аялдардын Биринчи съезди чакырылып, анын ишине 105 делегат аял катышкан.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун эмгекчи аялдарынын биринчи съездинин катышуучулары. 1925-жыл. КР БМ КФФДА № 0-32926. Аялдардын ысымдары белгисиз.
Бардык сүрөттөр жана аларга сүрөттөмөлөр: Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” виртуалдык көргөзмөсү: http://kkao.archive.kg/ru/
КАО кызматкерлеринин экинчи облустук кеңешмеси.1925-жыл. КР БМ КФФДА № 2-1613. Аялдардын ысымдары белгисиз.