Света 1988-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлүп, чоңойгон. 2009-жылы, 19 жашында турмушка чыгып, кыздуу жана уулдуу болгон. 2013-жылга чейин жашоо өз нугунда кетип жаткан, бирок кырсык омуртканын катуу жаракатына жана майыптыкка алып келди.
Жол кырсыгынан кийинки алгачкы жылдар Света үчүн өзгөчө оор болду. Депрессия, өзүнө болгон ишенимдин жоголушу, келечекке болгон коркуу – мунун баары жаңы реалдуулукка көнүү мезгилин коштоду. Ошол учурда балдары эң чоң колдоо болду. Алар атасы менен Жети-Өгүздө жашаса да, дал ошолор Светага багынбоого жардам берди. Бара-бара ал активдүү жашоого кайтып келе баштады.
2019-жылы Света маникюр курстарынан өтүп, ал жерден биринчи жолу "Равенство" коомдук уюмунун ишмердүүлүгү менен таанышкан. Бул таанышуу бурулуш болду. 2020-жылдын жайында ал Борбордук Азиядагы майыптыгы бар аялдар тармагынын долбоорлорунун алкагында уюштурулган майыптыгы бар кыздар үчүн Көз карандысыз жашоо мектебине катышкан.