2015-жылы жол кырсыгы Мээримдин жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрттү. Узакка созулган реабилитация, майыптыгы бар адамдардын коляскасы жана физикалык чектөөлөр олуттуу сыноо болду. Бул мезгил ден соолукту калыбына келтирүү менен гана чектелбестен, ички дүйнөнү терең кайра баалоону талап кылды.
Мээрим реабилитацияга көңүл буруп, акырындык менен социалдык активдүүлүккө кайтып, ойлорун эркин билдирүүнү үйрөнүп, фитнес жана сууда сүзүү аркылуу ден соолугун чыңдады. Дал ошондо анын лидерлик түшүнүгү элге кызмат кылуу катары калыптанды.
Мээримдин активдүү коомдук ишмердүүлүгү жергиликтүү деңгээлде иштөөдөн башталган. Жумгал районунун муктаждыктарын изилдеп, бардык 13 айыл өкмөтүн кыдырып чыгып, ал негизги көйгөйлөрдү – инфраструктуранын жетишсиздигин жана балдар менен жаштардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугун аныктаган. Анын демилгеси жана жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен:
• балдар жана спорттук аянтчалар курулду;
• Байзак айылындагы мектепти капиталдык оңдоого каражат тартылды, анын ичинде имаратты жаңылоо жана жабдуулар менен камсыздоо;
- улуттук өнөктүк алкагында экологиялык демилгелер ишке ашырылды. «Жашыл мурас» долбоору, анын ичинде мектеп окуучуларынын жана аялдардын катышуусунда дарактарды массалык отургузуу.
Анын ишмердүүлүгүндө ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы "Коопсуз мектеп" волонтердук долбоору өзгөчө орун алды. Мээрим Жумгал районунан тандалып алынган жалгыз өкүл болуп, Байзак айылында ЮНИСЕФтин биринчи волонтердук кыймылын түзүүгө демилге көтөргөн. Волонтерлор окуудан өтүп, райондун билим берүү мекемелеринде коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча тренингдерди өткөрүштү.
2021-жылы Мээрим Молдалиева айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган, көп өтпөй анын төрайымы болуп калды. Анын жетекчилигинин тушунда инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, бала бакча ачылып, көрктөндүрүү системасы жакшыртылып, инклюзивдик борбор жана аялдар менен балдар үчүн кризистик борбор түзүлгөн. Мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулганына карабастан, анын кадыр-баркы жана тургундардын ишеними сакталып калган.