Айдана Ниязалиева

Бишкек

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жана тең мүмкүнчүлүктөр көп тармактарда абдан актуалдуу бойдон калууда. Эгерде майыптыгы бар адам дагы аял болсо, анда бул андан да актуалдуу! майыптыгы бар аялдар жана кыздар бир нече түрдүү басмырлоого дуушар болушат — аял болгондуктан, майыптыгынан жана социалдык абалынан улам.

Жеткиликтүү жардамдын жоктугу олуттуу көйгөй бойдон калууда. Аял жардам сурап кайрылууну чечсе дагы, ал физикалык тоскоолдуктарга, керектүү шарттардын жана адистердин жоктугуна туш болушу мүмкүн. Ошондой эле көптөгөн аялдар каржылык жактан үй-бүлөсүнөн көз каранды, жумушка жана билимге жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Коомдогу стереотиптер алардын абалын ого бетер аялуу кылат.

Өмүр баяны

Бул көйгөйлөр жөнүндө айтып, өзгөрүүлөргө жетишкен укук коргоочулардын жана активисттердин иши абдан маанилүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз чөйрөнү түзүү — бул коомдун адам укуктарын канчалык деңгээлде сыйлаганынын көрсөткүчү. Айдана Ниязалиева — IT тармагында инклюзияны жеке үлгүсү менен көрсөтүп, үйрөтүп жана алдыга жылдырган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаш, активдүү кыз.

Айданага ДЦП диагнозу коюлган. Ал баскычтардын жардамы менен жылат, көп учурда колясканы колдонот. Ошондуктан, айлана-чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн өз тажрыйбасында сезет. Төрөлгөндөн бери тынымсыз дарылануу, реабилитациялар. Бирок эң негизгиси анын жанында үй-бүлөсү болгон жана бар. Ишенген, жардам берген, ар дайым жана бардык жагынан колдогон үй-бүлө! Айдана кадимки орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Карасаев атындагы БГУну (лингвист-котормочу) бүтүргөн. Экинчи билими AI-адиси, 2024-жыл.

Айдана тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүү үстүндө иштеп, онлайн режиминде көп окуйт. Айдана күчтүү мүнөзгө ээ, бул ага тынымсыз инклюзивдүү чөйрөдө жардам берет. Жаңы технологиялардын өнүгүшү жана анын билими онлайн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми коомдо инклюзияны алдыга жылдыруу татыктуу жашоого үмүт берет.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы

Айдананын коомдук ишмердүүлүгү анын жеке тажрыйбасы жана кесиптик миссиясы менен тыгыз байланышта. Майыптыгы бар адам катары ал инклюзия окуу, иштөө жана угулуу сыяктуу реалдуу мүмкүнчүлүктөрдөн башталарын эрте түшүнгөн. Ошондуктан ал технологиялык багытты системалык өзгөрүүлөрдүн куралы катары тандаган.

Айдана Үкөй Мураталиева жетектеген "Nazik Kyz" коомдук бирикмеси менен кызматташат. Бул уюм майыптыгы бар кыздарды жана аялдарды колдойт, алардын лидерлик дараметин өнүктүрөт жана коомдук иштерге аралаштырат. Ушул иштин алкагында ментор, спикер жана билим берүү демилгелеринин уюштуруучусу катары иш алып барат. Веб-иштеп чыгуунун негиздерине, санариптик сабаттуулукка жана жеткиликтүү дизайн принциптерине үйрөтөт.
Айдана ошондой эле санариптик инклюзияны жана тең мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияларга катышат, жаштардын технологиялык демилгелерин колдойт, анын ичинде New Age (Аскар Турдугуловдун жетекчилиги астында) менен кызматташат. Айдана IT-адиси болуп иштеген социалдык технологиялар агенттигинде Зульфия Кочорбаеванын жетекчилиги астында ар кандай формадагы майыптыгы бар адамдар үчүн жабдууларды тартуулаган.

Веб-иштеп чыгуу жана жасалма интеллекттин кесилишиндеги өз ишинде Айдана "дизайн аркылуу инклюзия" принцибин колдойт — инклюзия долбоорлоо этабында эле камтылышы керек! Ал технологиялар теңсиздикти күчөтүшү да, азайтышы да мүмкүн деп эсептейт.
Гендердик теңчилик жана майыптыгы бар аялдардын укуктары маселелери да анын ишмердүүлүгүндө маанилүү орунду ээлейт. Айдана Кыргызстанда аялдардын тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө багытталган Гүлмира Казакунованын эксперттик демилгелерин колдойт.


Айдана үчүн теңчиликти алга жылдыруу – бул санариптик билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, майыптыгы бар кыздардын арасында лидерликти өнүктүрүү, жеткиликтүүлүк стандарттарын киргизүү жана IT тармагында гендердик теңчиликти колдоо.
Айдана Ниязалиеванын тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору

Айнура Алеева,
Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш