Институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасында окуусун уланткан. 1947-жылдан тартып Н. Г. Чернышевский атындагы республикалык китепканада башкы библиограф болуп иштеген. Кийин Н. К. Крупская атындагы шаардык балдар китепканасын жетектеп, андан соң кайра республикалык китепканага кайтып келип, библиографиялык ишти өнүктүрүү, массалык агартуу иш-чараларын уюштуруу жана маалымдамалык басылмаларды даярдоо менен алектенген.
Анын өмүрүндө коомдук иштер өзгөчө орунду ээлеген. Ал Фрунзе шаарынын Биринчи Май районундагы маданият мекемелеринин партиялык уюмунун катчысы, Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин депутаты, Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты болгон. 1975–1980-жылдары коомдук негизде «Өрүктү» совхозунун Элдик көзөмөл тобун жетектеген.
1958-жылы Рахима Токтобаева Москва шаарында өткөн Кыргыз искусствосу жана адабиятынын Экинчи декадасында Кыргызстанды өкүлчүлүк кылып, республиканын маданиятын бүткүл союздук деңгээлде таанытууга катышкан.