Дамира Сартбаева жарандык коомду өнүктүрүүнүн башында турган.
1980-жылдардын аягында Маданият министрлигинин Реставрация институтунун изилдөө бөлүмүн жетектеп, ал жерде Таластагы Манас музейинин концепциясын кошо алганда, маанилүү маданий долбоорлорду ишке ашырган. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Дамира Сартбаева жарандык коомду өнүктүрүүнүн башында турган, биринчи Борбордук Азиялык Маданий Саясат Мектебин каттаган. Кийинчерээк ал БУУӨПтүн «Аялдар өнүгүүдө» долбоорун жетектеп, БУУ-Аялдар уюмунда иштеп, аялдардын укуктарын эл аралык деңгээлде илгерилеткен.