Зулайка
Команова

Жалал-Абад
Кыргызстандын искусствосунун алтын фондундагы ысымдардын бири — Зулайка Команова. Хореографияда жаңылык киргизген, региондордо чыгармачылык топторду негиздеп, жүздөгөн жаш таланттарды сахнага алып чыккан бул аял заты улуттук маданияттын жашап кетишине зор салым кошкон.

Өмүр баяны

Зулайка Осмоновна Команова 1951-жылдын
11-декабрында Нарын шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн.
Апасы — бийчи, атасы — агартуучу жана партия кызматкери болгон. Болочок бийчи 10 жашында эле Бишкектеги хореографиялык окуу жайга тапшырууну чечип, ал жерден улуу балерина Бюбюсара Бейшеналиеванын колунда үч жыл жашап, чеберчиликтин гана эмес, руханий күчтүн да үлгүсүн алган.
1969-жылы Кыргыз филармониясына ишке орношкон.
1969-жылы Кыргыз филармониясына ишке орношуп, алгачкы профессионалдык ансамблдин курамында өлкөнүн ичин жана бүтүндөй Совет Союзун кыдырып, кыргыз бий искусствосун тааныткан. Киевде, Ташкентте, Минскиде, Мурманскиде өткөн фестивалдарда жеңишке жетишип, «Билим берүүнүн отличниги» наамын алган.

Өлкөгө кошкон салымы

1975-жылы профсоюз төрайымы болуп турганда филармония кызматкерлери үчүн үй курууга жетишип, 1981-жылы жаңы филармониянын ачылышына салым кошкон. Бул мекеме өлкөнүн музыкалык маданиятынын борборуна айланган.

1997-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келип, мамлекеттик университеттин алдында «Сайма» аттуу бий ансамблин түзгөн. Аталган топ өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө өтүүчү сынактарда Гран-при жана ардак наамдарды жеңип алган. Ал шаардык майрамдардын (Эгемендүүлүк күнү, шаар күндөрү) режиссёру катары таанылып, маданий саясаттын активдүү иштеп чыгуучусу болгон. Ошондой эле балдардын чыгармачылык борборлорунда, Оштон Аксыга чейин ар кайсы аймактарда жаштарга сабак берип, чыныгы устат катары таанылган.
Зулайка апанын өмүрүнүн акыркы жылдарында анын артынан кызындай болгон небереси Зубайда бий жолун улап, Бишкек хореография окуу жайын эң жакшы баалар менен бүтүргөн. Бул — анын эмгегинин тирүү уландысы.

Зулайка Команова 2018-жылы 7-декабрда дүйнө салган. Бирок анын мурасы сахналарда, окуучулардын жүрөгүндө жана ар бир кыргыз бий ыргактарында жашай берет.
Ал — тарыхта из калтырган мугалим, чыгармачылык жол көрсөткөн устат, сахнанын шам чырагы болгон.
Бул баянды сунуштаган: Анара Алимова

Жалал-Абад ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш