Талас

Ырыскуль Нуралиева

Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон адамдардын тагдырын өзгөрттү, үй-бүлөлөрдү талкалады, өткөндү өчүрдү, бирок жашап кете алган адамдар үчүн жаңы барактарды ачты.

Нуралиева Ырыскульдүн окуясы — азырынча ата-журтсуз калган бала, ал эми кийин үй-бүлөсү болгон кыргыз айылынын тургуну — оор жүрөк, күч жана жашоого болгон өчпөс үмүт тарыхы.

Ал вокзалдагы бала эле, аты-жөнү жок жетим болушу мүмкүн, бирок кийин талыкпаган эмгеги, берилгендиги жана жашоого болгон чыдамкайлыгынын символуна айланды.

Өмүр баяны

Кызга "Ырыскуль"деген жаңы ысым беришкен — кыргызча «ырыскыга бөлөнгөн», «бакытка татыган» деген маанини берет.
1926-жылы Украинадагы Киевде (айрым булактарда Львовдо төрөлгөн) Елизавета Вагнер аттуу кыздын жашоосу 1941-жылы согуш жарыяланганда өзгөрдү. Аны үй-бүлөсү менен эвакуациялап кетүүгө аракет кылганда, поезд бомбалоого туш болуп, апасын жана кичинекей инисин жоготту. Өзү тааныш эмес адамдар арасында калды да, ФИОсу жок жарандын ордуна «Я сирота» деп жазылды. Ошентип «Елизавета Сирота» аталып калды.

Казахстан аркылуу узак жол аны Маданият деген кыргыз айылына алып келди. Аны фронтовик Гулсады-апанын үй-бүлөсү асырап алышкан. Кызга «Ырыскуль"деген жаңы ысым беришкен — кыргызча «ырыскыга бөлөнгөн», «бакытка татыган» деген маанини берет.

Балалыгынан тартып ар түрдүү жумуштарга аралашып, эсеп үйлөтүүчү, ветеринар, катчы, почтальон болуп иштеген. Кыргызча үйрөнүп, маданиятын аркалап, чыныгы кыргыз айылынын энеси болуп калды.

19 жашында турмушка чыкты, бирок бир айдан кийин күйөөсү фронтто каза болуп калды. Андан соң согуш ардагери Турусбек Нуралиевге үйлөндү. Экөө бир
жылдан кийин кичинекей уулун жоготушту.
Бирок Ырыскуль өзүн башкаларга кадимкидей арнап, адамдарга жардам берүүгө багытталды: документтерди таап берип, Москва жана Киевге кат менен кайрылып, орус туткундарга жардам берип турду. Француз, украин, орус жана кыргыз тилдеринде сүйлөп, көпүрө болуп турду.

Өлкөгө кошкон салымы

Кыргыз айылына келип отурукташып, Ырыскуль «Кызыл бурч» аттуу китепкана ачып, аны нөлдөн курган. Фондунда 13 миң китеп бар айылдагы эң мыкты китепканага айлантты. Китепкана билим, маданият борбору, аялдар чогулуп маселелерди талкуулаган, окуган жана дем алчу жай болду.

Ал 18 жолу айылдык депутат болуп шайланды. Ал айылдагы аялдарга сабаттуулукту үйрөткөн, коомдук иштерди жүргүзгөн, социалдык жардам маселелерин көзөмөлдөп турган. Ал жөн эле жашабастан — кайра жаратуучу болгон. Балдарды тарбиялап, тарыхты сактап, башкаларды шыктандырып келген.
1954-жылы багып алган кызы менен Киевге баруусу анын эки жашоосунун — жоготулган жана табылган турмушунун ортосундагы көпүрө болгон.

Нуралиева Ырыскүл Ленин ордени сыяктуу бир катар ордендерге, медалдарга жана ардак грамоталарга татыган. Бирок анын эң чоң жетишкендиги — бул жөнөкөй элдин урмат-сыйы жана сүйүүсү.

Бүгүнкү күндө Маданият айылындагы китепкана анын ысымын алып жүрөт, ал эми анын элесин жердештери менен урпактарынын жүрөгүндө жашайт.
Ырыскүлдүн баяны бизге бир чындыкты эскертип турат: сенин ысмыңды, үйүңдү, үй-бүлөңдү тартып алышса да — тандап алуу мүмкүнчүлүгү дайым бар: кайгы менен жашоо же башкалар үчүн жашоо. Ал экинчисин тандаган.
Булактар

Ырыскүл Нуралиеванын сүрөттөрү

Китепкана материалдары

Гамал Сооронкуловдун маеги
https://youtu.be/HPSFkdSUo84?si=H2V9fCjk6C13dpui
Ырыскүл Нуралиеванын тарыхын «100 аялдын тарыхы» акциясына сунуштаган:

Субанбекова Мээрим,
Таласская облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш