Громова
Зарема

Жалал-Абад
Ар бир өлкөнүн медицинасында саламаттыкты сактоо системасын өзгөртүп, адамдардын өмүрүн сактап калган баатырлар бар. Кыргызстан үчүн мындай инсандардын бири Зарема Загидовна Громова экени абзел. Ал, патологоанатомиядагы реформалардын башатында турган көрүнүктүү дарыгер-морфолог. Ымыркайлардын өлүмү жогору бойдон калып, диагностика ыкмалары жаңылоону талап кылган шарттарда, ал жаңы багыттарды ачып, алдыңкы методикаларды киргизип, дарыгерлерге диагнозду так жана тез коюуга, ал эми бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам алууга мүмкүндүк берген системаны курган.

Өмүр баяны

Зарема Загидовна Жалал-Абадда кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 
1948-жылы анын үй-бүлөсү Бишкекке (мурдагы Фрунзе) көчүп келген. 1958-жылы медициналык окуу жайга тапшырып, аны 1960-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Жолдомо боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун патологоанатомия кафедрасында иштей баштаган, ал жерде анын устаты энциклопедиялык билимге ээ болгон профессор Борис Федорович Малышев болгон.
Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтуна морфолог кызматына чакырылган.
1963-жылы КММИнин медициналык факультетине патологоанатом болуу максаты менен тапшырып, 1969-жылы институтту аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтуна морфолог кызматына чакырылган. Бул жерде Зарема Загидовна илимий изилдөөлөрдү, анын ичинде жаныбарларга кан куюу боюнча эксперименттерди баштаган. Анын эмгектерине дүйнөгө белгилүү хирург-трансплантолог Владимир Петрович Демихов жетекчилик кылган.
1967-жылы Алматы шаарында диссертациясын коргогон.
1967-жылы Алматы шаарында диссертациясын коргогон, ал эми практикалык медицинага жакыныраак болуу каалоосу, аны Республикалык клиникалык ооруканага прозектор катары алып келген. 1986-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен Громова балдар бөлүмүн ачып, балдар патологоанатомиялык кызматын түзгөн, ошол эле учурда КММИде жана Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде окутуучулук ишмердүүлүгүн айкалыштырган.

Өлкөгө кошкон салымы

Зарема Загидовнанын жетекчилиги астында Республикада биринчи жолу ичке ийне аспирациялык биопсияны колдонуу менен калкан безинин патологиясын изилдөө, балдардагы ички инфекциялардын тирүү кезиндеги диагностикасы жана плацентаны изилдөө киргизилген, бул ымыркайлардын өлүмүн кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. 2010-жылы ал Кыргызстанда биринчи жолу эмчек рагынын залалдуу шишиктерин иммуногистологиялык изилдөөнү киргизген.

Зарема Загидовнанын илимий жетекчилиги астында төрт кандидаттык диссертация даярдалып, ийгиликтүү жакталган, 140тан ашык илимий эмгектери жана
5 методикалык сунуштару жарыялаган. 
Ал кош бойлуулукту көтөрө албоо жана тоңуп калган кош бойлуулук көйгөйүнө жаңы ыкмаларды ачып, дарыгерлер үчүн практикалык сунуштарды берип,  бул, эне менен баланын ден соолугунун көрсөткүчтөрүн жакшыртууга алып келген.

Көп жылдык илимий-практикалык ишмердүүлүгү үчүн З.З.Громова "Саламаттыкты сактоонун отличниги" (1995), "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" (1998) наамдарына, СССР Министрлер Советинин экинчи даражадагы сыйлыгына (1983), ошондой эле көптөгөн ардак грамоталарга татыктуу болгон. 
Анын Кыргызстандын медицина илимин жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы кесипкөйлүктүн, ишке берилгендиктин жана адамдарга болгон сүйүүнүн үлгүсү бойдон калууда.
Булактар

Википедиия сайтындагы биографиясы
Громова Зарема Загидовна

Вечернем Бишкектеги макала
"Патологоанатомы КР должны быть так же почитаемы, как и в других странах"

Аргументы и Факты сайтындагы макала
Как замедлить старение и преодолеть 100 –летний рубеж?

Ассоциация Общественных Сми сайтындагы макала
Зарема Громова — первопроходец патологоанатомии Кыргызстана и реформатор медицинской науки

Государственные награды сайтындагы кыскача биографиясы
Громова Зарема Загидовна

Ассоль Молдокматованын YouTube каналындагы видеорепортаж
Громова Зарема

Громова Заринанын клиникасынын сайты
Медицинский центр доктора Громовой
Громова Зарема Загидовнанын тарыхы акциясына катышуу үчүн арыздын автору, Саломахина Наталья

Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш