Зайна
Бейшекеева

Ысык-Көл
17 жашынан койчулук кесипке башын байлап, чыбыктай кезинде чоң түйшүккө түшүп, азыркы учурга чейин ошол тармакта эмгектенет. Кыргыздын биринчи чабан кызы. Дүйнө жүзүндө жогору бааланган меринос уяң жүндүү койлорду өстүрүп, аны башкаларга да сунуштап келет. Өз учурунда ар жүз тубар койдон 187ден төл алып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты, республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, КПССтин 27−28-съезддеринин делегаты, 1−2- даражадагы «Эмгек даңкы» орденинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн бир нече алтын, күмүш медалдарынын ээси болгон. Ал эми КПССтин съезддеринде Москвада курч ойлорду тартынбай айтып келгени менен көпчүлүктү таң калтырган.

Өмүр баяны

1955-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген.
Ата-энеси малчы адам болгон. Атасы Сатыбалды (Бейшеке-чоң атасы) колунан көөрү төгүлгөн зергер, куш салган мүнүшкөр, энеси Батима жамакчы киши эле. Өзү мектепти абдан жакшы аяктаган, юридикалык билим алгысы келип, бул үчүн эки жылдык эмгек стажы керек болгондуктан, атасына жардамчы чабан болуп иштеп калат. Кийин иниси аскерге кетип, атасынын «Малды өткөрүп берип, кантип айылга олтуруп калам?» деп чүнчүп жүргөнүн көрүп иниси Керим аскерден келгиче ата-эненин жанында болууну чечет. Эки жыл көз ачып жумганча өткөн менен иниси келип, жогорку окуу жайында билим алгысы келгенин айтып чыгат. Ошентип атасынын жанында дагы калууга туура келет. Бирок, ал кийин Бишкектеги азыркы айыл чарба академиясын бүтүрүп, Москвада илим изилдөө институтунда аспирантурада сырттан окуду. Алгач жардамчы чабан, кийин башкы чабан болуп, комсомолдук чогулуштарга барып, анан коммунисттик партияга өттү.

Өлкөгө кошкон салымы

Зайна Бейшекеева мындай ар-намысын өз иши — чабандык кесипте да далилдеди. Ал союз убагында республикадагы кыз-келиндерден биринчи рекорддук чекти жаратып, ар жүз тубар койдон 187ден төл алган. Бул ошол учурдагы атактуу чабан, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Таштанбек Акматовдон кийинки экинчи көрсөткүч эле. Ал көпчүлүк кармабаган ак меринос койлорду алып калган.
Бир жолу Москвада, Жолгорку Советте жаңы паспорт жасалып,"улуту" деген жерди көргөзбөй эле коелу деген жаңы мыйзам долбоору сунушталат. Анда жөн гана «СССРдин гражданини» деп көрсөтүлүшү керек эле. Аталган долбоорду тааныштырып жатканда эле Зайна эже трибунага атып чыгып: «Биздин миңдеген жылдар калыптанган улутубуз бар. Аны жоготуп сала албайбыз. Мындай мыйзамды чыгарууга депутаттардын акысы жок» деген сөздөрдү айтат. Эртеси эртеңменен мейманкананын ал жаткан номеринде, эшик менен босогонун ортосундагы тешиктен киргизилген бир нече конверт жатканын көрөт. Окуса, орус улутчулдарынын «Женщина в тюбитейке, закрой свой рот, если хочешь нормально жить» деген маанидеги каттары жазылыптыр. Мындай кепке эч чочулабай ошол замат улуттук кеңештин төрагасына билдирүү жазып, «Эгерде мен өз оюмду айта албасам, элимдин мүддөөсүн билдире абасам, анда мен бул жерде эмнеге олтурам?» деген суроо коет.
Зайна Бейшекеева Жети-Өгүз айылындагы 1176 орундуу мектепти, Ак-Кочкор айылындагы мектепти, Балбай айылындагы 2 кабаттуу балдар бакчасын, чоң көпүрөнү, мурдагы Дружба колхозунда чоң БСРди салдырып, Жон-Булак айылына 10 жылдык мектеп уюштуруп, Тамгадагы каналды каздырган. Саруунун ашуусунда тоонун бетине бирден кой чубатып өтчү Дүңгүрөмө деген капчыгайга жол салдырды. Жети-Өгүз оруканасынын айланасын асфальттатып берди. Бул иштердин бардыгы Өкмөттүн планында жок болсо да, элдин суроо-талабы менен ошол кездеги жалындуу жаш депутат Зайна Бейшекееванын демилгеси аркылуу аткарылган. Учурда «Бейшеке» дыйкан чарбасынын жетекчиси.

Дүйнө жүзүндө жогору бааланган меринос уяң жүндүү койлорду өстүрүп, аны көбөйтүүнү башкаларга да сунуштап келет.
Ал өз оюн бербеген ачык- айткан адам. “Желтоксондо” камалган миңдеген казак жаштарына амнистия жарыялоо жөнүндө маселе Москвада съездде каралганда, бул маселени кыргыздардын арасынан жалгыз колдоп чыккан.
Маектешип, жазып даярдаган: Жумагүл Барктабасова

Ысык-Көл облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш