Ош

Уркуя
Салиева

Кыргызстандын тарыхында теңдик, эркиндик жана прогресс үчүн күрөштүн символдору болуп калган ысымдар бар. Мындай ысымдардын бири — Уркуя Салиева. Анын өмүрү өтө кыска, бирок жаркын болгон. Ал патриархалдык негиздерге каршы чыккан көптөгөн кыргыз аялдарынын бири болуп калды. Анын тарыхы — эрдиктин, трагедиянын жана үмүттүн тарыхы.

Өмүр баяны

Уркуя Салиева 1911-жылы туулган.
Совет бийлигинин орношу менен Уркуя сыяктуу көптөгөн кыз-келиндер үчүн өз тагдырын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

1928-жылы, 17 жашында, Уркуя комсомол уюмуна мучө болгон, бул жаш кыз үчүн тайманбас кадам болчу. Анткени, комсомол уюму салттык негиздерге карама-каршы келген жаңы, революциалык идеялар менен байланышкан. Уркуя комсомол ячейкасынын катчысы жана Орто Азиядагы аялдардын абалын өзгөртүүгө багытталган «хужум» (араб тилинен — «чабуул») кыймылынын жигердүү катышуучусулардын бири.
Ал колхозду жетектеп гана тим болбостон, агартуу иштери менен да жигердүү алектенген.
Салиева жаңы жашоону курууну каалап, өзгөрүүлөргө каршы болгондордун бардыгына аялдарга мүнөздүү эмес келишпестик менен мамиле кылган. Ал айылдаштарынын арасында кадыр-баркка ээ болгон. Жергиликтүү байлардын эркине каршы жана кылымдардан берки каада-салттарга каршы, Уркуя Салиеваны айыл чарба кооперативинин төрайымы кылып шайлашкан. Ал колхозду жетектеп гана тим болбостон, агартуу иштери менен да жигердүү алектенген: сабатсыздыкты жоюу курстарын уюштурган, аялдарга өз укуктарын коргоого жардам берген, өткөндүн калдыктары менен күрөшкөн.
Салтты коз карашты кармангандар андан өз негиздерине коркунучту көрүп, Уркуяга каршы коркутуу-үркүтүүлөрдү жасашкан. Бирок ал чегинген эмес.
1934-жылы февралда Уркуя Салиева 23 жашка чыга электе мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны менен бирге күйөөсү да каза болгон.

Өлкөгө кошкон салымы

Уркуя Салиеванын ысымы жана образы көптөгөн чыгармачыл адамдар үчүн да дем-күч булагы болуп, түбөлүккө сакталып калды. 1967-жылы Насирдин Байтемиров анын тагдыры жөнүндө "Тарыхтын күбөсү" аттуу даректүү романын жазган. 1971-жылы режиссер Төлөмүш Океев кыргыз киносунун классикасы деп таанылган "Отко таазим" тасмасын тарткан.
Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган Тургунбай Садыков жараткан «Революциянын каармандарына» эстелиги да кыргыздын чыгаан кызы Уркуя Салиевага арналган. Тургунбай Садыков: «Уркуя Салиеванын тагдыры менин ишимди шыктандырып, эстеликтин символикасын чыныгы окуялар менен бекем байланыштырды" — деп белгилеген.
Уркуя Салиева Кыргызстандагы аялдардын укуктары үчүн күрөштүн символу болуп калды. Анын өмүрү жана өлүмү көптөгөн жолдоочуларын шыктандырды.
Булактар

Википедия сайтындагы биографиясы
Салиева, Уркуя

Уркуя Салиева жөнүндө тасма
Поклонись огню
Уркуя Салиеванын тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору – Мира Карыбаева

Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш