Ал ККАОнун эмгекчи аялдарынын Биринчи съездин уюштурууга салым кошкон аял-активисттердин бири болгон.
1925-жылы ал ККАОнун эмгекчи аялдарынын Биринчи съездин уюштурууга салым кошкон аял-активисттердин бири болгон.
Турсун апа 1968-жылы бул съезд тууралуу эскерген. Ал съездде делегаттардын активдүү болгонун, алар кыздар жана аялдар үчүн жаңы мектептерди, акушердик жана фельдшердик пункттарды, кыргыз аялдары үчүн сабатсыздыкты жоюу мектептерин ачууну талап кылышканын суктануу менен айтып берген.
Аялдарды эркиндикке чыгаруу ишинде съезд негизги ураан катары билим берүүнү белгилеген. Съездде кабыл алынган чечимдерде кызыл бурчтарды, аялдар клубдарын, кыргыз, өзбек аялдарынан мугалимдерди даярдоо курстарын ачуу, кыргыз аялдарын сабатсыздыкты жоюу мектептерине, партиялык мектептерге активдүү тартуу, ал эми айылдар, кыштактар үгүт иштеринин борборлору болушу керектиги айтылган.