Турдукан Наримбетова

Жалал-Абад
Үйдө нан жыттанып, балдардын күлкүсү угулуп, апа ак жоолугун салынып акыл-насаат айтып отурса — бул жомок эмес.
Бул — Турдукан Наримбетованын үйүндө, айланасында жашаган элдин жүрөгүндө — чыныгы турмуш. Ал — он баланын энеси, мектептин таянычы, коомдук ишмер, эр жүрөк жоокердин чоң апасы, жана өз айылынын адилеттүүлүк үчүн үнү.

Өмүр баяны

 1949-жылы Кара-Булак айылында туулган.
Жаш кезинен эле билимге умтулган, Пушкин атындагы педагогикалык училищени, андан соң Ош мамлекеттик институтунун филология факультетин аяктаган. 1969-жылдан тартып “Жаны-Нур” мектебинде пионервожатый, кыргыз тили жана адабияты мугалими, завуч жана директордун орун басары болуп иштеген.
Жөн гана окуткан жок — балдардын келечегине ишенич берген, айылга үмүт жараткан.
Жөн гана окуткан жок — балдардын келечегине ишенич берген, айылга үмүт жараткан.
Өз кесибинен тышкары, сегиз ирет депутат болуп шайланган, айылдык кеңештин төрайымы жана орун басары болгон.

Өлкөгө кошкон салымы

Айылдык мектеп эски кампада иштеп жатканда, Турдукан эже баш көтөрдү. Жергиликтүүлөрдү, демөөрчүлөрдү бириктирип, 10 класстык жаңы мектеп, спортзал куруп берди. Опол тоолор кулап, айылдын жолун бууп калганда, «Сорос» фондуна кайрылып, көпүрө жана суу түтүгүн орноткон.

АРИС, ПРООН менен чогуу иштеп, ФАПтардын ачылышына, долбоорлорду ишке ашырууга, жер маселелерин чечүүгө катышкан. Айыл өкмөтүндө иштеп турганда, каражатты үнөмдөп, жаңы администрациялык имарат курган.

Сыйлыктарынын катарында:
«Баатыр Эне» ордени

«Датка айым» медалы

«Жылдын мыкты адамы» наамы жана башка көптөгөн грамота, ыраазычылыктар бар.
Үй-бүлөсү — анын чыныгы сыймыгы. Жолдошу Айдарали Апысов менен 10 баланы тарбиялап, баарын жогорку билимге жеткирген. Бүгүнкү күндө 37 небере, 26 чөбөрөнүн чоң апасы. Алардын бири — Ураимов Эламан, 2022-жылы чек арада курман болгон капитан.

Турдукан эже уулунун өлүмүнө кайгырып, ошол эле учурда сыймыктанат:

«Ал эркекче кетти. Эл үчүн жанын берди. Мен сыймыктанам. Бирок кудайдан суранам — башка неберелериме согуш көргөзбөсүн.»
Ал коомдук комиссияларда сүйлөгөндө — эл укчу. Анткени анын үнүнүн артында — ишенимдүү иштери, адамдардын колдоосу бар болчу.
Булактар

Ынтымак Медиа сайтындагы видеоинтервью
Турдукан Наримбетова

Shailoo.gov.kg-деги список
Турдукан Наримбетова

UNFPA-дагы макала
Турдукан Наримбетова
Автору: Жаныбаева Анархан

Жалал-Абад ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш