Ленинграддан эвакуацияланган 150 балага эне болду.
Күрмөнтү айылы бул оор жүктүн бир бөлүгүн өзүнө алган. Токтогон өз камкордугуна Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы алган. Ал балдарды жөн гана багып, кийиндирбестен, алар үчүн эне боло алды. Аны «150 баланын энеси» деп аташкан, анткени согуштун эң оор шарттарында ал балдарды мээримине бөлөп, жан дүйнөсүнөн чыккан сүйүүсүн берип тарбиалады. Эн кыйын абалга туш болгон балдар жаңы, бейтааныш дүйнөдө жоголуп кетпеши үчүн, аларды жөн эле багуу жетишсиз эле, аларга үй-бүлө сезимин жана жылуулук, камкордук берүү керек экенин, Токтогон апа журогу менен түшүнгөн. Ал ар бир балага мээримин төгүп, өз уул-кызындай караган.