Байыркы доорлордон бери медицина коомдун турмушунда өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Бүгүнкү күндө ал биология, химия жана физиканын жетишкендиктеринин негизинде өнүгүп, мурда айыккыс деп эсептелген ооруларды да дарылоого жол ачууда. Ошол эле учурда медициналык кызматтардын сапаты коомдун өнүгүү деңгээлине, жашоо шартына жана маданият деңгээлине түздөн-түз байланыштуу.
Кыргызстанда медицина тармагына жан-дили менен кызмат кылып, өз аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошкон адамдардын бири — Талдыбаева Салима Нурсапаевна.
Өмүр баяны
Салима Нурсапаевна 1971-жылдын 5-майында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылында төрөлгөн.
12 балалуу үй-бүлөнүн эң кичүүсү. 1978-жылы М. Темиров атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 1986-жылы 8-классты аяктагандан кийин Каракол медициналык окуу жайына тапшырып, балдар бөлүмү боюнча билим алып, 1989-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Талды-Суу айылындагы аймактык ооруканада баштаган.
Эмгек жолун Талды-Суу айылындагы аймактык ооруканада баштап, жыйырма жылдан ашуун убакыт педиатрия, терапия, гинекология жана тез жардам бөлүмдөрүндө иштеген. 2010-жылдан бери Түп аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө посттук медайым болуп иштеп келет.
Медициналык кызматтан тышкары,2016 жана 2020-жылдары Талды-Суу айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.
Медициналык кызматтан тышкары, коомдук иштерге да активдүү катышкан. 2016 жана 2020-жылдары Талды-Суу айылдык кеңешине депутат болуп шайланып, экинчи чакырылышта төраганын жардамчысы кызматын аркалаган.
Өлкөгө кошкон салымы
Айыл инфраструктурасын өнүктүрүү: Депутаттык кызмат учурунда Корумду айылынын таза суу маселесин чечүүгө киришип, 2017-жылы «Таза-Суу» долбоору үчүн 65 миллион сом бөлдүрүүгө жетишкен. Бул долбоор учурда аяктоо стадиясында турат.
Саламаттыкты сактоо тармагын колдоо: COVID-19 пандемиясынын кызуу учурунда Балыкчы шаарындагы блокпосттордо ыктыярчы болуп иштеп, өзгөчө кооптуу шарттарда элге медициналык жардам көрсөткөн.
Инвестиция тартуу: 2020−2021-жылдары анын демилгеси менен райондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө 50 миллион сом тартылган.
Медициналык мекемелерди жаңылоо: 2022-жылы «Ассанабилл» кайрымдуулук фонду менен кызматташып, туулуп-өскөн айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулган.
Медайымдардын маянасын көтөрүү: 2023-жылы өлкө боюнча медайымдардын эмгек акысын көтөрүү сунушу менен Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып чыккан.
Ал өз өмүрүн мекендештеринин ден соолугуна кам көрүүгө жана туулган жеринин социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арнаган.
Бул тарыхый материалдын автору: Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы