Саадат
Ногоева

Жалал-Абад
Бүгүн Ноокен районундагы № 2 мектеп Саадат Ногоеванын ысымын алып жүрөт — бул жөн эле урмат эмес, бул элибиздин эсинде калган үлгү, символ. Социалисттик Эмгектин Баатыры, эки жолу Ленин орденинин кавалери, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, «Айыл чарбасынынын отличниги» — ал армия башкарган эмес, мыйзам жазган эмес. Бирок биринчи болуп комбайн айдап талаага чыккан, жана дал ошол иши менен тарыхта калды.

Өмүр баяны

Саадат Ногоева 1921-жылы Ноокен айылында жөнөкөй, эмгекчил үй-бүлөдө төрөлгөн.
10 жашында жетим калып, тууганы Мамыттын үйүндө чоңойгон. Өспүрүм кезинен эле талаага чыккан — муктаждыктан. 14 жашында эле күнүнө 60 килограмм пахта терген.

1939-жылы бир сезон ичинде 10 тонна пахта жыйнап, Москвадагы Бүткүлсоюздук айыл чарба көргөзмөсүнө чакырылган. Бирок Саадат бул жетишкендик менен менен чектелген жок. 1940-жылы ал ошол кезде аялзаты үчүн өтө сейрек болгон кесипти тандап, тракторист болууга окуп чыгып, отличник атанган. Эркектер менен теңме-тең иштеген. Кийин согуштан кийин устаты Асан Ногоевге турмушка чыгып, кыздуу болушат.

Өлкөгө кошкон салымы

1957-жылы Саадат Ногоева республика боюнча комплекстүү механизацияланган бригаданы жетектеген алгачкы аял болот. Анын жетекчилиги менен биринчи пахта терүүчү комбайн талаага чыккан. Ар бир сезон сайын анын бригадасы 100 тоннага чейин пахта терчү. Өзүнүн жеке рекорду — 185 тонна.

1961-жылы бригада гектарынан 24,5 центнер, ал эми
1965-жылы 31,8 центнер түшүм алып, жогорку натыйжага жеткен. Саадат бир сезон ичинде 162,7 тонна пахта терген. Бул жетишкендиктер жогорку деңгээлде бааланып, 1966-жылы ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.
Анын аты республикалык жана союздук деңгээлде белгилүү болуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эл алдында сүйлөп, жаштарга ак ниет менен иштөөнү үйрөткөн. Эң чоң сыйлыгы — элдин урматы болгон.

Саадат Ногоева 1994-жылы дүйнө салган. Бирок анын ысымы мектепте, тарых барактарында, элдин эсинде жашап келет. Анын баатырдыгы погононун артында эмес — трактор рулун кармаган эмгекчил колунда эле.
Ал атак издебеди. Жөн гана чынчыл эмгек менен жашады.
Ошондуктан — эл аны унуткан жок.
Булактар

Ала-Тоо 24 YouTube каналындагы видеорепортаж
К 100-летию Саадат Ногоевой

Википедия сайтындагы биография
Ногоева, Саадат

Герои страны сайтындагы биографиясы
Ногоева Саадат
Саадат Ногоеванын тарыхый баянын сунуштаган:
Жаныбаева Анархан

Жалал-Абад ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш