2007-жылы ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2007-жылы ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Биринчи Май райондук депутаттык тобунун төрайымы болгон. Бул мезгилде ал Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга активдүү катышкан. Бишкек шаардык кеңешинин медалы, Ардак грамотасы менен сыйланган жана Бишкек шаарынын Ардактуу жараны.
Ал эми 2010−2015-жылдары КР ЖКнын V чакырылышынын депутаты болуп шайланып, өзүн активдүү депутаттардын бири катары көрсөткөн. Анын демилгеси жана жетекчилиги астында биринчи жолу Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынган. Ал илим, билим берүү жана маданият боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, фракция лидеринин орун басары болгон. КР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.