Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Роза Төрөкуловна В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунан окуп, билим алат.
Окуу жайын аяктагандан кийин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында иштеп, кристаллография тармагында физика-математика илимдеринин кандидаты болгон.
Диссертациясын жактагандан кийин, ал педагогикалык ишке өтүп, өзү окуган Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, андан кийин тарбия иштери боюнча проректор болуп иштейт. Бул мезгил анын жашоосундагы маанилүү этап болуп, ал жаш кыздардын жана аялдардын көйгөйлөрүн өз көзү менен көрүп, алардын укуктарын коргоо, зомбулукка каршы күрөшүү жана аларды коомдук чөйрөгө тартуу, бийлик тепкичине көтөрүү өлкөдөгү эң зарыл маселе экендигине ынанат.