Разия Темирбаева Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кара-Суу айылында
төрөлүп-өскөн.
Тиричилик менен үй-бүлө камын көрүү — бул аймактын аялдарына тааныш абал. Бирок Разия эже үчүн жашоо ушуну менен эле чектелбеген. Ал ар дайым бир нерсени өзгөртүүгө, колунан келгендин баарын жасап, өз айылына салым кошууга умтулуп келген. Долбоор аркылуу ал бизнес жүргүзүүнүн негиздерин үйрөнүп, грант алып, тигүү цехин ачат. Алгач өзү жалгыз баштаса, кийин башка аялдарды да тартат. Азыр бул жай — айылдагы көптөгөн аялдар үчүн иш, үмүт жана өнүгүүнүн булагы.