Райхан баллады менее миграция Орусияга, Нижний Новгород шаарына катет
«Балдарды ээрчитип кетүү абдан кыйын болду. Ошол күндөрдү эстесем, азыр жомоктой сезилет. Өзүмө да ишене албайм. Кантип балдарымды алып чыгып, багып, үйрөтүп, жалгыз иштедим? Кайдан күч таптым билбейм», — дейт Райхан апа.
Алгач ал бир нече жерде тазалоочу болуп иштеп, кийинчерээк «Ремесленный хлеб» аттуу нан заводунда иштеп баштаган. Жумушунун аркасында атайын жабдууларды сатып алып, аларды Кыргызстанга жиберип, өз ишин баштоого
даярдык көргөн.