Назгул
Усупбекова

Ысык-Көл
Коомго кызмат кылуу жолунда ар бир кадам кайраттуулукту, туруктуулукту жана өз өлкөсүнө чындапберилгендикти талапкылган азыркы 
дүйнөдө мындай инсандардын баяндары 
маанилүү багыттама катары кызмат кылышат. Алар башкаларга дем-күч берип, шыктандырып, кесипкөйлүк стандарттарын белгилеп, өз ишине берилгендик бүтүндөй тутумдарды өзгөртө аларын өз мисалында көрсөтүп беришет. 

Усупбекова Назгул Маратовнанын баяны буга мыкты мисал боло алат. Бул – адис, изилдөөчү, гуманитардык кызматчы, мамлекеттик кызматкер жана дүйнө жараны катары тийиштүү сапаттарды өзүнө камтыган аялдын басып өткөн жолу болуп саналат. Чакан айылдан башат алган бул жол эл аралык деңгээлде таанымал болууга, миңдеген адамдардын жашоосуна таасир эткен глобалдык демилгелерге катышууга алып келди. 

Өмүр баяны

Назгул Маратовна кичине кезинен бери эле билимге жана лидерликке дайыма умтулуп турчу. 
Назгул Маратовна кичине кезинен бери эле билимге жана лидерликке дайыма умтулуп турчу. Мукай Элебаев атындагы мектепти артыкчылык менен бүтүргөндөн кийин ал Президенттик балаты майрамына мыкты окуучу катары чакырылып, бир нече жолу англис тили боюнча өткөрүлгөн олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн катарында болгон. Алгачкы кесиптик билими — «Сурдопедагогика жана атайын психология» — анын инклюзивдүүлүк менен социалдык колдоонун маанилүүлүгүн терең түшүнүүсүнүн негизи болуп калды. Студент кезинде ал болочок гуманитардык миссиясынын пайдубалын түптөп, угуусу начар жана кеч укпай калган балдар үчүн мектепте тарбиячы катары эмгектенген.
Университеттен кийинки жашоосу Германия менен Австрияда өтүп, ал бир нече жыл бою аутизм жана Даун синдромуна чалдыккан балдарга жардам берген.
Университеттен кийинки жашоосу Германия менен Австрияда өтүп, ал бир нече жыл бою аутизм жана Даун синдромуна чалдыккан балдарга жардам берип, балдар менен алардын үй-бүлөлөрүндө иш алып барган. Ошондой эле көзү азиз улгайган адамдар жашаган жайларда социалдык ыктыярчы болуп кызмат кылган. Анын эмгеги Германиянын Билим берүү, үй-бүлө, улгайган жарандар, аялдар жана жаштар федералдык министрлиги тарабынан белгиленип, бул анын карьерасынын башталышындагы эмгеги эл аралык деңгээлде бааланган маанилүү жагдай болуп калган.
Мекенине кайтып келгенден кийин Назгул Маратовна КР ТИМинин Дипломатиялык Академиясына тапшырат.
Мекенине кайтып келгенден кийин Назгул Маратовна КР ТИМинин Дипломатиялык Академиясына тапшырып, магистрдик ишин «эң мыкты» деген баага жактап, КРдин Улуу Британиядагы Элчилигинде такшалмадан (стажировка) өткөн. Андан соң жылдар бою эл аралык гуманитардык уюмдарда: SOS Балдар айылы, Human Appeal International, «Балдар кубанычы» фонду, «Чек арасыз дарыгерлер», БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасында иш алып барган. Ал жүздөгөн үй-бүлөлөр менен балдардын абалына көз салып, жаңжалдардын курмандыктары, өзгөчө муктаждыктары бар адамдар, камактагы адамдар, кургак учукка жана АИВга чалдыккан адамдар менен иш алып барган жана тренингдерди өткөрүп, долбоорлорду иштеп чыгып, инсандарга эң бир оор жагдайларда жардам берип келген. 
Эл аралык конференциялар менен форумдарга, Гаагадагы Эл аралык жазык трибуналынын отурумдарына катышкан.
Ошол эле мезгилде ал кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө да тийиштүү көңүл бөлүп, эл аралык конференциялар менен форумдарга, Гаагадагы Эл аралык жазык трибуналынын отурумдарына катышкан, жаштардын платформаларына Кыргызстандын атынан өкүл катары барган, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде жана КР Борбордук шайлоо комиссиясында иштеген. Анын изилдөөчү катары жолу Борбордук Азиялык «Жерди прикладдык изилдөө» боюнча институтунда уланып, ал жерден дипломаттар, окумуштуулар жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты чыңдаган.
2025-жылы ал (КРПМБА) артыкчылык менен аяктаган.
2025-жылы ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын (КРПМБА) артыкчылык менен аяктаган жана мында шайлоо реформасынын бөлүгү катары каралган ишин сунуштаган. Кесиптик ишинен тышкары, ал спорт менен жигердүү машыгат, сүрөткө тартуу, саякаттоо жана чыгармачылык иш — дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү аялдар кийген зер буюмдарын жаратуу менен алектенет. Ал тарткан сүрөттөр (фото) эл аралык конкурстарга, анын ичинде кадыр-барктуу 35AWARDS конкурсуна катышып келет, ал эми анын социалдык жигердүүлүгү Ыйык апостолго теңдеш князь жубайы (княгини) Ольга атындагы «Дүйнөнү өзгөрткөн аял» аттуу эл аралык номинациясынын сыйлыгына татыган.

Өлкөгө кошкон салымы

Назгул Маратовнанын башкы салымы — бул адамдар. Ал иштешкен үй-бүлөлөр, балдар, аялдар, аялуу топтор андан жардам гана албастан, жаңы келечекке карата үмүт, мүмкүнчүлүк да ала алышты. Гуманитардык долбоорлордун алкагында ал: 
  • 70 аялуу үй-бүлөнү коштоп, аларга кризистен чыгууга жардам көрсөткөн;
  • 170тен ашуун жетим балдарга көмөктөшүп, алардын билим алуусуна жана медициналык колдоого ээ болушуна жардам берген;
  • «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун курамында болгон мезгилде оор илдетке кабылган камактагы адамдарга социалдык жана психологиялык жардам көрсөткөн;
  • 220дан ашуун долбоорлук сунуштарды даярдап чыккан, алар инфраструктурадан тартып кесиптик билим берүүгө чейинки маселелерди камтыйт. 
Анын эл аралык дипломатияга катышуусу Кыргызстандын дүйнөлүк аянтчалардагы ордун бекемдеди, ал эми Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигиндеги иши өлкөнүн социалдык жана билим берүү тутумун чыңдаган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди.
Анын шайлоо реформасына кошкон салымы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анын демилгесинин жана өлкө жетекчилигине кайрылууларынын аркасында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, бул чет жактарда жүргөн кыргызстандыктар үчүн добуш берүү процесси кыйла жеткиликтүү болушун – алдын ала каттоосуз жана консулдук жыйынсыз болушун камсыздады. Бул чечим диаспоранын жүз миңдеген жарандарына таасирин тийгизип, Кыргызстандагы демократиялык процесстерди бекемдөө жолундагы олуттуу кадам болуп калды. 

Назгул Маратовнанын баяны – бул билимдин, эмпатиянын, дипломатиялык ой жүгүртүүнүн жана Мекенине болгон чыныгы сүйүүнүн айкалышы кандайча реалдуу өзгөрүүлөрдү жарата тургандыгы тууралуу баян. 
Бул – кесипкөйлүктү кызмат кылууга, ал эми кызмат кылууну – өлкөнүн келечегине кошулган салымга айландырган аялдын жолу.
Акцияга Усупбекова Назгул Маратовнанын баяны катышуусу үчүн өтүнмө берген автор Турдубекова Элеонора

Чүй облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш