Медицина, билим берүү жана дипломатия тармактарындагы долбоорлордун үстүндө иштеген.
2003-жылы «Лидер» аттуу коомдук уюмда ыктыярдуу ишмердигин баштап, кийинчерээк өзүнүн «Лидерство» аттуу жаштар уюмун түзүп, жетекчиси болгон. Бул уюм жаштардын активдүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойногон. Жапон кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан колдоого алынган «Бир айыл — бир продукт» долбоору аркылуу айыл жергесинде чакан ишкердиктин өнүгүшүнө салым кошкон.
Андан кийин Япониянын Хиросима университетинде магистратурада окуп, билим алып келгенден кийин бир катар эл аралык долбоорлордо, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иш алып барган.