Ысык-Куль

Насипкүл Амасбаева

2019-жылы COVID-19 пандемиясы маалында Түп районунда абал өтө оор болгон: ооруканада орун жок, күнүнө бир нече адам көз жумуп жаткан. Ошол кезде Амасбаева Насипкүл Абдыкадыровна коркпостон, Долон айылында 15 орундуу госпиталь ачып, Кош-Добо жана Долон айылдарынын тургундарын дарылап, жандарын сактап калды. Ошол эле маалда айылдык кеңештин төрайымы катары дары-дармекке жана азык-түлүккө каражат бөлүп, чечкиндүү аракеттерди көрдү.
1990-жылдары кризис убагында айлык берилбей калган мезгилде да өз ишин таштабай, алыстагы жайлоолорго чейин жөө барып, кош бойлуу аялдарды төрөтүп, шашылыш медициналык жардам көрсөтүп келген.





Биография

Амасбаева Насипкүл Абдыкадыровна 1965-жылы 15-мартта Кемин районунун Новороссийка (азыркы Шабдан) айылында туулган.
1985-жылы Кара-Балта шаарындагы медучилищени артыкчылык менен бүтүрүп, эмгек жолун Миррахимов атындагы институтта баштаган.
2017–2021-жылдары айылдык кеңештин төрайымы болгон
1988-жылдан бери Түп районунун Долон айылындагы ФАПта фельдшер болуп иштеп келет.

2013-жылдан тартып ФАПтын башчысы. 2016-жылы айылдык кеңештин депутаты, 2017–2021-жылдары айылдык кеңештин төрайымы болгон.

2024-жылы Карачаев аймагынан кайра депутат болуп шайланып, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы болуп иштеп жатат.

Медицина жана педагогика багытында жогорку билими бар. 2022-жылы И.К. Тыныстанов атындагы ЫМУга “Тарых жана укук таануу” багыты боюнча окууга тапшырган.

Өлкөгө кошкон салымы

Депутат катары жасаган иштери:

Айылдык мекемеге тиешелүү болгон алма бакты жана 4,5 га жайыт жерлерди кайтарып берген
4,5 млн сомдук альтернативдик электр станциясын айылга кайтарган
“Таза суу” долбоорунан коррупциялык жол менен алынган 90 миң сомду кайтарып берген
Айыл көчөлөрүнө жарык орноткон
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чараларына 2025-жылы 200 000 сом бөлдүргөн
Түп районунун аял-депутаттар клубунун жетекчиси
Карачаев аймагындагы КПНСтин төрайымы

Сыйлыктары жана баалуулук:

  • “Саламаттык сактоонун отличниги” төш белгиси
  • “Датка айым” медалы
  • Өкмөттүн Ардак грамотасы
  • “Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу” наамы
  • “Улуттун сыймыгы” төш белгиси
  • “Мыкты ФАП” жана “Жылдын мыкты дарыгери” наамдары
36 жылдан ашуун убакыттан бери Долон жана Кош-Добо айылдарынын элине талыкпай медициналык жардам көрсөтүп келет. Катуу кышта техника өтпөгөн шартта, 15 км жөө басып, таңкы саат 4тө төрөт кабыл алган учурлары болгон. Эгерде жардам көрсөтпөсө, өмүр коркунучу чоң болгон.
Амасбаева Насипкүлдүн тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыз берген автор: Анарбекова Айгерим

Ысык-Көл облусу

Вас также может заинтересовать

© 2025 Альянс Женских Законодательных Инициатив
Инициатор проекта