Салт-санаалар аялдардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна көп учурда тоскоолдук кылган айыл жерлерде, айылдык кеңештерде чыккан аялдардын үнү өзгөчө мааниге ээ. Мыскал Байгазиева — ушундай лидер аялдардын бири. Ал мугалим, коомдук ишмер, укук коргоочу жана депутат катары ондогон жылдар бою аялдардын укугун коргоп, жергиликтүү жамааттарды артынан ээрчитип, жаштарды дем-күчү, билими жана демилгеси менен шыктандырып келди. Анын өмүр баяны — бир аял бүтүндөй бир айылдын, райондун, ал тургай өлкөнүн да келечегин өзгөртө аларынын далили.
Өмүр баяны
Мыскал Байгазиева 1951-жылдын 20-февралында Ат-Башы районунун Калинин атындагы колхозунда туулган.
1973-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн кийин Оттук айылында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштаган. Ал учурда эле анын ишмердүүлүгү мектеп дубалдары менен чектелбей, жаштардын улуттук маданиятка жана тилге болгон урмат-сыйын калыптандырууга багытталган.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги» наамы ыйгарылган.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги» наамы ыйгарылган. 2000-жылдардан тарта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында активдүү иш жүргүзүп, айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, аялдар кеңешинин төрайымы, аксакалдар сотунун мүчөсү жана төрайымы болгон. Анын ишмердүүлүгү ар дайым коомду бириктирүү жана айылдын өнүгүшүнө багытталган.
Өлкөгө кошкон салымы
Мыскал Байгазиева — жигердүү жарандык позициянын символу жана өз аймагынын өзгөрүшүнө түздөн-түз таасир эткен инсан. 2002-жылы ал «Элет айым» бирикмесин негиздеп, эл аралык өнөктөштөрдүн — Сорос-Кыргызстан фонду, АРИС, АБР, USAID, Ага Хан фонду жана башкалардын колдоосун тарта баштаган. Бул аракеттердин натыйжасында айылда жаштар үчүн клуб, маалымат борбору, китепкана курулуп, канал оңдолуп, ишкер аялдар тигүү машиналары менен камсыз болгон. Ал аялдардын укуктарына өзгөчө көңүл бурган. Жер маселелери боюнча 40тан ашык тренинг өткөрүп, аялдарга күйөөсү каза болгондон кийин үй-жайын жана жерин сактап калууга жардам берген. Анын турмушу тууралуу тартылган «Жесирдин көз жашы» аттуу кыска метраждуу тасма конкурс жеңүүчүсү болгон. Мындан тышкары, айылдык кеңештердин депутаттары үчүн тренингдерди уюштуруп, жаштарга ар дайым колдоо көрсөтүп, гендердик теңдиктин идеяларын жайылткан.
Анын демилгеси менен Оттук айылында заманбап китепкана курулуп, ага Мыскал Байгазиеванын аты ыйгарылган. Казан-Куйган айылындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты кабинетине да анын ысымы берилген. Ал мыкты окуучуларга стипендия жана ыраазычылык баракчаларын тапшырып, жаш муунду шыктандырууну улантып келет.
Мыскал Байгазиева билим берүүнүн жана маданияттын отличниги, Жогорку Кеңештин ардак грамотасы сыяктуу көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ал алты баланын энеси, 18 неберенин жана эки чөбөрөнүн чоң энеси.
Анын жолу — кайдыгерсиздиктин, өжөрлүк менен мекенге болгон сүйүүнүн натыйжасында канча деген адамдардын тагдырын өзгөртүүгө болорунун ачык мисалы.