Марипа Сооронбаевна өз жолун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тутумунда Борбордук нике сарайынын инспектору кызматынан баштаган.
Ал алгачкы күндөрдөн тартып эле өз ишине жөн гана кызматтык милдет катары эмес, жашоонун жаңы этабына кадам таштагандарга майрамдык маанай тартуулоочу маанилүү миссия катары мамиле кылган.
Кызмат өтөгөн жылдары Марипа Сооронбаевна 40 000ден ашык нике салтанатын өткөргөн. Ал көптөгөн жаңылыктардын демилгечиси болгон: 1983-жылы никеге туруу жөрөлгөсүнүн текстин кыргыз тилине которууну сунуштаган, анын аркасында салтанаттар эки тилде — орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлө баштаган. Анын эсте каларлык салтанаттарынын арасында аба шарындагы, Ысык-Көлдөгү пароходдун бортундагы, тоо капчыгайларындагы, Жаңы жылдык «Ала-Тоо» аянтындагы үйлөнүү тойлору бар. Ошондой эле ал биринчи болуп никени ресторанда көчмө каттоодон өткөрүп, ЗАГСтын дубалдарынан тышкары кооз салтанаттардын жаңы салтын ачкан.