Ош

Лайлохан Абдураимова

Эмгекчил аялдын улуттук жана коомдук ишмердиги ар кандай тармактарда байкалат: айыл чарбасында, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, маданиятта, саясатта, экономиканы өнүктүрүүдө, жана башка көптөгөн тармактарда. Анын талыкпаган эмгеги коомду оңдоп, анын келечегине салым кошот. Ошондой күжүрмөн эмгеги менен баар таап, жогорку кызматтарды аркалаган биздин каарманыбыз- Лайли Абдураимова. Лайли Абдураимова- даңазалуу пахтакер, өз доорунун легендасы! Айтылуу Фрунзе атындагы колхозунун (азыркы Мады айыл аймагы)"Гүлкайыр" комсомолдук- кыздар бригадасынын бригадири. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты, Жогорку Кеңештин Президиумунун мүчөсү болгон.

Учурда Мады айыл өкүмөтүнүн ардагерлер Кеңешинин төрайымы, жаштардын насаатчысы.

Биография

Лайли Абдураимова 1957-жылы Мады айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Катардагы балдардай эле 7 жашында Мады айылындагы Фрунзе мектебине кабыл алынып, 1974- жылы мектепти аяктаган. Ошол эле жылы «орто мектептен өндүрүшкө» деген ураан менен катардагы колхозчу (кетменчи) болуп жумушка кабыл алынган. 1977-жылдын сентябрынан Кара-Суудагы № 59 кесиптик-техникалык окуу жайынын механизаторлук бир жылдык курсун окуган. 1978- жылы курсту бүтүп Фрунзе атындагы колхоздун «Кызгалдак» комсомолдук кыздар бригадасына механизатор болуп жумушка кабыл алынган. Комбайн менен түшүм жыйноо сезонунда 250 тонна пахта терип, комсомол жаштарынын арасында алдыга озуп чыгып, Орто Азиядагы комбайн менен пахта терүүчү аялдар арасындагы мелдеште жеңүүчү болуп табылып, атактуу пахтакер Турсунай Ахунова атындагы сыйлыкты өз колунан алган. 1979-жылы Гулкайыр комсомол кыздар коллективин уюштуруп, аны 1990-жылга чейин жетектеген.

Өлкөгө кошкон салымы

Талбаган эмгегинин аркасында 1980-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыкка көрсөтүлүп, 2 жолку депутаты, ошону менен катар эле Жогорку Кеңештин Президиумунун мүчөсү болгон. 1986-жылы КПССтин
27-сьездине делегат, 1987-жылы Буткул союздук колхозчулардын 4- сьездине делегат болуп катышып,
1987-жылы Африка өлкөсүнүн Конго Эл Республикасына дипломат болуп барган.
Райондук, областтык жана президенттин ардак грамотасына чейин талбаган ак мээнетинин үзүрү аркасында жетишкен. Мындан сырткары бул жылдар аралыгында «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы, «Эмгек кызыл туу» ордени менен сыйланган. Дүркүрөгөн Союз тарап, өлкөбүз эгемен мамлекет статусун алып, жерлер дыйкан чарбаларга бөлүнүп берилген убакта «Гулкайыр» дыйкан чарбасын түзүп жетектеген.
Ошону менен катар эле айыл өкүмөттүн фондундагы 14 га жерди ижарага алып, пахта өстүрүп, 50 чакты уй-булону жумуш менен камсыз кылган.
Эмгектери үчүн ал райондук, облустук деңгээлдеги ардак грамоталарга, президенттин грамотасына татыган. Мындан тышкары, ал ошол жылдары “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы жана “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган.

Лайли Абдураимованын тарыхы боюнча иш-чарага катышуу үчүн материалды даярдаган автору: Джолдошева Нурийла Кимсановна

Ош облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш