Күмүш
Суранова

Нарын
Күчтүн, чечкиндүлүктүн, өзгөрүугө умтулуунун символу болуп калган колхоздун биринчи башкармасы- Кумуш Суранова. Анын ийгиликке жетүү жолу оңой болгон жок. Салттуу ролдор жана коомдук күтүүлөр аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеген контекстте ал айыл чарба тармагында жетекчилик кызматтарга көтөрүлүү үчүн укмуштай кайраттуулукту жана туруктуулукту көрсөттү.

Күмүш Суранова кыргыз элине чарба жетекчиси жана коомдук ишмер, эмгек сиңирген пенсионер, акылман сөздөрүн айтып, жаштарга үлгү болгон төкмө акын катары таанылган. Ал эки доордун күбөсү, ар дайым калыс, мээримдүү эне болгон.


Өмүр баяны

Күмүш Суранова 1924-жылы 5-майда Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы айылында туулган.
1935-жылы биринчи класска барып, 7 жылдык билим алган. 1951−1955-жылдары Жогорку республикалык партиялык мектепте окуп, 1963-жылы Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы айыл чарба техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.
Күмүш эже эмгек жолун Он-Арча айылдык Советинде китепкана башчысы болуп иштөөдөн баштаган.
1942-жылы Күмүш эже эмгек жолун Он-Арча айылдык Советинде китепкана башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1943−1945-жылдары «Коммунизм» колхозунун жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. 1954−1955-жылдары Конезаводский «53» айылдык кеңешинин төрагасы, 1955−1956-жылдары Нарын райкомунун аялдар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1956−1958-жылдары Он-Арчы айылдык кеңешинин, 1958−1961-жылдары «Коммунизм» колхозунун башкармасы болуп эмгектенген. 1961−1963-жылдары Нарын райондук аткаруу комитетинин төрагасы кызматында иштеген, 1963−1971-жылдары кайрадан «Коммунизм» колхозун жетектеген. 1971−1983-жылдары Он-Арчын айылдык кеңешинин төрагасы болуп, пенсияга чыккан.
1959-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин
5-чакырылышына депутат болуп шайланган.
1948-жылы Күмүш эже жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланып, Он-Арчы айылдык кеңешин жетектеген. 1950-жылдын 14-мартында СССР Жогорку Советинин эки палатасынын бири болгон Улуттар Советинин 3-чакырылышына депутат болуп, 1959-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-чакырылышына депутат болуп шайланган.

Өлкөгө кошкон салымы

Күмүш Суранова эженин көп жылдык эмгеги жана мээнети мамлекет тарабынан бааланып, төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон: Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы (1974 ж.), эки жолуу «Эмгек кызыл туу» ордени менен (1951, 1966), «Эмгек мыктысы», «Эмгек эрдиги»" «1941−1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштын Женишинин 30 жылдыгы» медалдары менен жана «Айыл чарба мыктысы» төш белгиси менен (1968) сыйланган. Күмүш Суранова «Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына арналган Москвадагы парадка катышып, «Согуштун ардагери» белгиси жана «Маршал Жуков» алтын сааты менен сыйланган.

Күмүш Суранова Нарын облусунун ардактуу атуулу, анын ысымы менен туулуп-өскөн Эчки-Башы айылындагы канал жана Он-Арчы айыл өкмөтүндөгү Оттук айылындагы көчө аталган.
Ал «Коммунизм» колхозунда 13 жылдан ашык башкарма болуп иштеп, аны миллионер колхоздордун катарына кошкон. Коомдогу стереотиптерге карабастан, анын аял лидерлигин элдин жана жетекчиликтин да четке кагып, кабыл албаганына карабастан, ал чоң ийгиликтерге жетише алган.
Күмүш Суранова 1995-жылдын 4-сентябрынан
15-сентябрына чейин Пекинде өткөн Аялдар боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференциянын делегаты болгон.
«Кыргызстан» басмасынан анын «Бакыт берген партия» (1967), «Дыйкан» (1971), «Селолук Советтин иши жана түйшүгү» (1987) деген китептери жарык көргөн. Андан кийин «Он-Арча» (1993), «Өмүр чыйыры» (2002), «Баскан изге кылчаю» (2006), «Суран кызы Күмүш» (2009), «Уялашыма» (2010) китептери чыккан. Сулайман Маймуловдун «Тянь-Шандын Күмүшү» аттуу даректүү повести жарык көргөн.
1969-жылы Кыргызфильм студиясында «Башкарма эже» аттуу даректүү тасма тартылган.
Анын окуясы ошол кездеги аялдарды шыктандырган жана бүгүнкү күндө да аялдардын жаңы муунун шыктандырып, кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жетүү жана аялдардын коомдогу ролу тууралуу коомдук пикирди өзгөртүүгө болорун көрсөтүп турат.
Булактар

Azattyk.kg сайтындагы макала
Сталинди көргөн Теңир-Тоонун темир мүнөз айымы эле...

Википедия сайтындагы биографиясы
Суранова, Кумуш
Күмүш Суранованын тарыхы акциясына катышуу үчүн арыздын автору: Гүлжамал Султаналиева

Нарын облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш