Кулуйпа Кондучалова

Кулуйпа Кондучалова өлкөнүн маданий жана саясий турмушун өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон, акылман жетекчиликтин, туруктуулуктун жаркын символу бойдон калууда. Ал көптөгөн муундардагы аялдар үчүн үлгү болуп, аял киши мамлекеттик кызматта жана маданият тармагында алдыңкы орундарды ээлеп, өз жолундагы бардык тоскоолдуктарды жеңе аларын көрсөтүп келет.
Чүй

Өмүр баяны

Кулуйпа Кондучалова 1920-жылы Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында туулган.
Болочок саясатчы көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Ормоновдордун үй-бүлөсү 10 балалы болушкан, бирок, алардын ичинен үчөө гана тирүү калган — улуу агасы Искендер, Кулуйпа жана кичүү сиңдиси Сагыйпа.

1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумду ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кулуйпа Кондучалова Нарын облусунун Куланак айылында башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. Ал жерде педагогикалык ишмердүүлүгүн улантып, алгач окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин мектептин директору болуп эмгектенген.
Бир эле мезгилде тышкы иштер министри жана маданият министри кызматтарын аркалаган..
1943-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепке окууга жиберилет. Согуш мезгилиндеги окуу жылдары оңой болгон жок, бирок Кулуйпа Кондучалова учун бул чыныгы жашоо мектеби болгон.

Кулуйпа Кондучалова 1953-жылы Кыргызстандын Министрлер Советинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалып, бир нече жылдан кийин тышкы иштер министри кызматын ээлеген.

1958-жылы ал бир эле учурда эки министрликти башкарууну өз колуна алган. Бул сейрек кездешүүчү окуя, ал бир эле мезгилде тышкы иштер министри жана маданият министри кызматтарын аркалаган.
Анын жетекчилиги астында Кыргызстан эл аралык байланыштарды чыңдады.
Анын жетекчилиги астында Кыргызстан эл аралык байланыштарды чыңдап, өлкөнүн маданият тармагы жаңы түскө ээ болду. Кулуйпа Кондучалованын эң көрүнүктүү жетишкендиктеринин бири — К. Баялинов атындагы Улуттук китепкана, ошондой эле Ош, Нарын, Каракол шаарларындагы театрлар сыяктуу көптөгөн маданий мекемелердин курулушу жана ачылышы болду.

Мындан тышкары, өлкө боюнча ондогон музыкалык мектептер жана маданий борборлор ачылган. Бул мекемелер чыныгы таланттардын устаканасы жана бүткүл жаштар үчүн маанилүү борборлор болуп калды.

Өлкөгө кошкон салымы

Анын маданият тармагындагы ишмердүүлүгү 2500дөн ашык китепкананын түзүлүшүнө алып келди, бул калктын, өзгөчө алыскы аймактарда жашагандардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла жогорулатты. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, дал ушул Кондучалованын аракеттеринин аркасында бул мекемелер өз ишин баштап, Кыргызстандагы коомдук турмушка таасирин тийгизе берди.
Кулуйпа Кондучалова тарыхка жогорку мамлекеттик милдеттерди маданиятка, билимге жана өз элине кызмат кылууга болгон сүйүү менен айкалыштыра билген инсан катары кирди.

Ал аял кишинин ийгиликтүү жетекчи гана эмес, ошондой эле өз элинин маданий каада-салттарынын сактоочусу боло аларынын үлгүсү болуп калды.
Анын тарыхы - аялдардын саясаттагы жана маданияттагы ролу анчалык кеңири тааныла элек шарттарда да, чыныгы лидер болуунун үлгүсү.
Булактар

Википедия сайтындагы макала
Подробная биография и информация о карьере Кулуйпы Кондучаловой

Sputnik.kg сайтындагы 100 жылдык мааракесине арналган тасма
К 100-летию со дня рождения Кулуйпы Кондучаловой

Sputnik.kg сайтындагы 100 жылдыгы жөнүндө макала
Статья о 100-летии

Photo.kg сайтындагы сүрөт материалдары
Фотографии и дополнительные материалы о Кулуйпе Кондучаловой
Кондучалова Кулуйпанын тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору Чобуева Гүлмира

Чүй облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш