2000-жылдардын башында Баткен облусунун аймактарында жашоо шарттары оор болгон. Айрыкча алыскы айылдарда мектеп куруу ашар жолу менен жүргүзүлүп, мамлекеттик каржылоо дээрлик жок эле. Ушул шартта демилгечил аялдар коомдук турмушка жигердүү аралашып, өз айылын өнүктүрүүдө чоң салым кошкон. Карамат Закирова — мына ошондой аялдардын бири. Ал Кара-Булак айылында балдар үчүн жаңы мектеп ачуу демилгеси менен чыгып, бүтүндөй коомчулукту бириктире алды.
Биография
Карамат Закирова Баткен районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн
Атасы Закир Абдукаримов — мугалим болгон, анын таасири менен Карамат апа да мугалимдик кесипти тандап, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайда билим алган. 1974-жылы өз айылында башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштаган. 44 жылдык эмгек жолунда ал нечендеген окуучуларды тарбиялап, билим берүү менен бирге адеп-ахлакка да үйрөткөн.
Жаңы мектептин курулушун ашар жолу менен баштаган
2002-жылы эски мектептин абалы начарлаган кезде, Карамат апа демилгечи болуп чыкты. Ал жергиликтүү бийликке кайрылып, курулбай калган имаратты мектепке берүү чечимин чыгартып, жаңы мектептин курулушун ашар жолу менен баштаган.
Өлкөгө кошкон салымы
Экономикалык абал оор болсо да, Карамат Закирова айыл элин бириктирип, марафон уюштурган. Биринчи чогулган сумма — 33 миң сом эле, бирок ал пайдубалга да жетпеген. Анткен менен айыл тургундары үйүнөн курулуш материалдарын көтөрүп келип, Карамат апа өз колу менен долбоор жазып, эл аралык уюмдардан жардам алып келген. Ошол эле жылы мектеп бүткөрүлүп, 150 орунга ылайыкталган имаратка 305 окуучу киргизилди. Карамат апа мектеп директору болуп турган мезгилде компьютердик классты ачууга, жаңы трансформатор коюуга, ысык тамак берүүнү уюштурууга жана өз каражатына ашкана курууга жетишкен. 2005-жылы мектеп орто билим берүү статусуна ээ болсо, 2013-жылы атасынын ысымы ыйгарылган.
Пенсияга чыккандан кийин да Карамат апа коомдук иштерден алыстабай, 2022-жылы айыл эли менен бирге балдар аянтчасын куруп берген.
Анын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги бир топ сыйлыктарга арзыган.
Беш баланын энеси Карамат Закирова — билимге болгон ишенимдин, жамааттык биримдиктин жана аялдын лидерлигинин үлгүсү. Анын демилгеси менен курулган мектеп бүгүнкү күндө дагы өсүп-өнүгүп, жаңы муунду тарбиялап келет.