Жумакан Мамбетова 1935-жылы 3-январда төрөлгөн.
Балалык чагы оор сыноолор менен коштолгон: атасы репрессияланып, бир туугандары согушта каза болгон. 10 жашында жетим калганына карабай, билимге умтулуп, Пржевальск шаарында мектепти бүтүп, 1949-жылы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык окуу жайына кабыл алынат. Андан соң, орус тили жана адабияты боюнча адис болуп чыгат.