Жумакан Жаныбаева 1928-жылы Сузак районунда жарык дүйнөгө келген.
Балалык кези кедейлик менен, талаа жана тоо турмушу менен өткөн. Жаштайынан үй-бүлөгө көмөкчү болуп, турмуштун оордугуна моюн сунбастан, мал карап, үй чарбасын аркалап чоңойгон.
16 жашында турмушка чыгып, 1949-жылы жолдошу Маматкасым уулу Жаңыбай кырсыкка учурап, эки бутунан ажырайт. Ошондон тарта үй-бүлөнүн бүт түйшүгү Жумакандын мойнуна жүктөлөт.
Ал 10 балалуу болуп, алардын сегизин чоңойтуп, турмушка туруп, эл катарына кошот. Бул жөн гана жашоо эмес, бул — күн сайын кайталанган, унчукпаган эрдик болчу.