Бишкек

Жаныл
Туменбаева

Анын бала чагы менен жаштыгы согуштан кийинки оор жылдарга туура келди, бирок ал буга карабастан дайыма жалаң «бешке» окучу. Ал мезгилде республикада өнөр жай тармагы жаңыдан калыптанып, өнүгө баштаган учур эле жана тийиштүү адистер, айрыкча — инженерлер жетишсиз болчу. Көп өтпөй эле билимдүү, акылы тетик, тың жана күчтүү харизмага ээ Жаңыл комсомол активисти катары таанылып, бул анын кийинки тагдырына чоң таасирин тийгизет. Советтер Союзунун мезгилинде ал комсомолдук, партиялык, чарбалык башкаруу ишинин бардык тепкичтерин басып өтүп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Катчысы, Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри сыяктуу жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Өмүр баяны

Жаңыл Түмөнбаева 1945-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Панфилов айылында туулган.
1969-жылы Москва текстиль институтун артыкчылык менен бүтүрүп, эмгек жолун адистиги боюнча — Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын инженер-технологу катары баштаган жана ал жерде 1971-жылга чейин эмгектенген.
Иштин көзүн билгендиги жана жигердүүлүгү бат эле оозго алынып, комбинаттын комсомол комитетинин катчысы болуп шайланган. Мына ушул учурдан тартып Жаңылдын кийинки кадамдары такай коомдук, партиялык иш жана мамлекеттик кызматка байланыштуу болуп калган. 1971 -1975-жылдары ал Фрунзе шаардык комсомол комитетинин катчысы, андан соң республиканын Борбордук комсомол комитетинин катчысы болуп эмгектенген. 1975-жылдан 1981-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун катчысы болуп иштеген. 1981−1989-жылдары Фрунзе шаарынын Биринчи Май жана Свердлов райондук партиялык комитеттерин жетектеген.

Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрага орун басары жана Кыргыз ССРнин Тышкы иштер министри болуп дайындалган.
1983-жылы КПСС Борбордук Комитетине караштуу Коомдук илимдер академиясын «кызыл» диплом менен аяктаган.
1989−1991-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин жаш эгемен мамлекеттин административдик негиздерин калыптандыруу, жер-жерлердеги мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумун түзүү жана чыңдоо зарылдыгы келип чыккан.
1991 -1992-жылдары жаңы гана түзүлгөн Чүй облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, ал эми 1992-жылы Чүй облустук кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1996 -1998-жылдары Токмок шаардык мамлекеттик администрациясынын жетекчиси катары эмгектенген.
52 жашында Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, өзүнүн үчүнчү жогорку билимине ээ болгон.
Үч кызды тарбиялап-өстүргөн.
1998−2002-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. 2002−2007-жылдары Тышкы экономикалык байланыштар, өнөр жай жана соода министринин орун басары болуп эмгектенген. 2007−2014-жылдары Дүйнөлүк Банктын долбоорунун директору болуп иш алпарган. 2009−2010-жылдары Кыргызстан калкынын ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын кызматын аркалаган. 2022-жылдан тартып «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы болуп эмгектенүүдө.

Үч кызды тарбиялап-өстүргөн.

Өлкөгө кошкон салымы

Жаңыл Түмөнбаеванын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын анын мамлекеттик кызматтагы иши менен ал эгедер болгон сыйлыктары күбөлөп турат, алардын баарын тизмектеп берүү кыйын. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылыштагы депутаты (15 жыл ичинде), Өнөр жайдын эмгек сиңирген кызматкери, СССРдин биринчи класстагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Эл аралык Кувейт Университетинин Ардактуу Профессору, Бишкек шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, Чүй облусунун, Жалал-Абад облусунун, Панфилов районунун ардактуу атуулу; Экономика отличниги, Кадрлар кызматынын отличниги жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отличниги; III даражадагы «Манас» орденинин, «Даңк» медалынын, I даражадагы «Тилекмат Аке» төш белгисинин ээси. Ал СССРдин «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» Медалынын жана Монгол Эл Республикасынын «Найрамдал» Медалына татыктуу болгон.
Жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган мезгилинде дайыма бардык адамдарга: карапайым жарандарга да, жогорку кызматтагы адамдарга да бирдей көңүл буруп, бирдей мамиле жасап келди. Баарынан мурда өзүнө талапты катуу коюп, бирок башкалардын көңүлүн калтырбаганга, аларды кунт коюп укканга аракет кылды. Жаңыл Түмөнбаевна кайсы жерде иштебесин, дайыма элдин эсинде жакшы адам, мыкты жетекчи катары кала алды.

“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы катары Жаңыл Түмөнбаева бүгүнкү күндө да өлкөнүн өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп келүүдө.
Анын ар бир кадамы, ар бир иши — Ата Мекенге болгон берилгендик менен сүйүүнүн айкын көрүнүшү десек болот. Ал дайыма интернационалист-мекенчил инсан катары башкаларга үлгү болуп келген.
Булактар

Өтүнмөнүн автору Блиндина Антонинанын Жаңыл Түмөнбаевадан алган интервьюсу.

Акцияга Жаңыл Түмөнбаеванын баянын катыштырууга берилген өтүнмөнүн автору: Блиндина Антонина

Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш