Гульмира Мамбеталиева

Нарын
Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановна — Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийинки алгачкы меценаттардын бири. Анын өмүр жолу — илимге, маданиятка жана коомго кызмат кылуунун үлгүсү. Белгилүү тарыхчы-окумуштуу, саясий илимдердин доктору, профессор катары ал билим берүүнүн, гуманитардык илимдердин өнүгүшүнө жана жаш таланттарды колдоого баа жеткис салым кошкон. «Бал Таттуу» коомдук бирикмесин жана Какен Мамбеталиеванын атындагы фондду негиздеп, 20 жылдан ашуун убакыт бою жаш таланттарды үзгүлтүксүз колдоп, алар үчүн республикалык фестивалдарды уюштуруп, искусство менен илимге жол ачып келген.

Өмүр баяны

Гүлмира Сулаймановна 1956-жылдын
29-январында Бишкек шаарында белгилүү журналисттердин үй-бүлөсүндө туулган.
Мектепти Нарын шаарында бүтүрүп, андан соң Кыргыз улуттук университетинде жана Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. Эмгек жолун Мамлекеттик сүрөт искусствосу музейинде баштап, андан кийин медициналык академияда, айыл чарба институтунда сабак берип, Илимдер академиясында улук илимий кызматкер болуп эмгектенген.
100дөн ашуун илимий эмгектердин, окуу китептердин жана монографиялардын автору болгон.
2008-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияда профессор, ал эми 2016-жылдан бери Нарын мамлекеттик университетинде доцент болуп иштеген. Анын илимий кызыгуулары саясий илим, эл аралык мамилелер, адам укуктары жана гендердик маселелерди камтып, 100дөн ашуун илимий эмгектердин, окуу китептердин жана монографиялардын автору болгон.

Өлкөгө кошкон салымы

Гүлмира Сулаймановна Кыргызстандагы региондор менен дүйнөлүк маданий аянтчалардын ортосунда көпүрө болуп берген инсан. Анын демилгеси менен уюштурулган «Жаш таланттар» жана «Мен — жылдызмын» аттуу республикалык сынактар жүздөгөн жаш таланттардын чыгармачылык жолуна эшик ачты. Алардын арасында дүйнөлүк сахналарда — Австралия, Кытай, Түркия, Түштүк Африка жана башка өлкөлөрдө — Гран-при жана башка жогорку сыйлыктарды жеңип алган инсандар бар.

Какен Мамбеталиеванын атындагы Эл аралык фондду жетектөө менен ал Борбор Азиядагы этномаданий маселелер боюнча илимий жыйындарды уюштуруп, кыргыз аял илимпоздорунун мурасын сактоо боюнча активдүү иш жүргүзгөн.
Жолдошу А. М. Салымбеков менен биргеликте Нарын шаарында «AS» сүрөт галереясын ачып, музейлерди жана тарыхый эстеликтерди колдоого алып, анын ичинде Кошой-Коргон музейин калыбына келтирүүгө көмөктөшкөн.

Анын көп кырдуу ишмердүүлүгү жогорку даражада бааланып, Мустафа Кемаль Ататүрктүн медалы, «Кыргыз Республикасынын мыкты маданият кызматкери», «Билим берүүнүн мыктысы» сыяктуу наамдар, ошондой эле Нарын шаарынын жана Нарын облусунун Ардактуу жараны деген наам менен сыйланган.
Гүлмира Сулаймановна 2017-жылдын 25-апрелинде дүйнө салган. Ал калтырган мурас — адамдардын жүрөгүндө, жазылган китеп беттеринде жана бүгүнкү күндө жашап жаткан иш-аракеттеринде уланууда.
Мамбеталиева Гүлмиранын тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору: Чынара Абдыраимакунова

Нарын облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш