Фатима
Жусупова

Талас
Фатима Жусупова — өзүнүн эмгекчилдиги, кайраттуулугу жана элине болгон берилгендиги менен элдин эсинде калган өзгөчө аял. Ал жашоосун үй-бүлөсүнө гана эмес, ошол доордун коомунун өнүгүшүнө арнаган. Анын өмүр жолу — туулган жерине болгон сүйүүнүн, күчтүү духтун жана айланасындагы адамдардын жыргалчылыгына умтулуунун символу.

Өмүр баяны

Фатима Жусупова 1930-жылы оор мезгилде жарык дүйнөгө келген.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда атасы Жусуп майданда курман болуп, Фатима апасы Бочоң менен кыйын күндөргө туш болгон. Бирок Бочоң эмгекчил, жөнөкөй нерседен сулуулукту жарата билген адам болгондуктан, бул сапаттарды кызына да үйрөткөн. Фатима энесинен кол өнөрчүлүккө болгон сүйүүнү жана чыгармачылыкты мурас алган.
Кыйынчылыктарга карабастан, ал өз үй-бүлөсүнө кам көрүп эле тим болбой, билимге да умтулган.
1950-жылы турмушка чыгып, 11 баланын энеси болгон. Анын урпактары учурда чоң династияга айланып, 47 небере, 137 чөбөрө жана 5 кыбыра небереси бар. Кыйынчылыктарга карабастан, ал өз үй-бүлөсүнө кам көрүп эле тим болбой, билимге да умтулган. 7-классты аяктагандан кийин окуусун улантып, филологиялык билим алган.

Өлкөгө кошкон салымы

Фатима Жусупова ар дайым жигердүү коомдук ишмер болгон. 1957-жылы айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, 1957−1963-жылдары Ленинполь районундагы Бары-Арык айылдык кеңешинин төрайымы болуп эмгектенген. Анын жетекчилиги астында айыл кеңеши үлгүлүү башкаруу органына айланган. Ал айыл чарбасын өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошкон.
Анын иши ар дайым эл арасында, жеринде өтчү. Фатима Жусупова дайыма «ат жалында» — түз мааниде да, кыйыр мааниде да — болуп, талааларды ат менен кыдырып, чарбалык маселелерди көзөмөлдөп, эл менен тыгыз байланышта иш жүргүзгөн. Ат — анын энергиясынын, кайратынын жана жигердүүлүгүнүн символу болуп калган.
Фатима Жусупова узак жана ардактуу өмүр сүрүп, 2020-жылы 90 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Мындан тышкары, Фатима элдик чыгармачылык менен да алектенип, районунун жетишкендиктерин республикалык жана бүткүл союздук көргөзмөлөрдө тааныштырган.

Анын эмгеги жана маданий мураска кошкон салымы жогору бааланып, ага «Комби» автоунаасы белекке берилген.
Анын өмүр жолу — кайраттуулуктун, эмгекчилдиктин жана туулган жерине болгон чексиз сүйүүнүн жаркын үлгүсү катары элдин эсинде калат.
Бул окуяны сунуштаган: Турукманова Зарина, Фатиманын кызы Турдумамбетова Сабиранын айткандары боюнча

Талас облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш