Эльмира Азлановна котормо ишмердүүлүгү менен активдүү алектенген.
Каракол шаарындагы Москва ишкердик жана укук институтунун филиалында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ошондой эле ал билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана эл аралык долбоорлорго активдүү катышкан.
Эльмира Азлановна көп жыл бою котормочулук ишмердүүлүк менен алектенип, жаштарга гендердик темада тренингдер өткөргөн, ыктыярчы жана кайрымдуулук иштерди уюштурган. Анын демилгелери өзгөчө муктаждыгы бар балдарга жардам көрсөтүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн турак жайын оңдоо жана ресурстук борборлорду өнүктүрүү өңдүү маанилүү иштерди камтыйт.
Билимге жана коомго кошкон салымы үчүн Эльмира бир катар эл аралык сыйлыктарга жана Япония, АКШ, Европа өлкөлөрүндөгү эл аралык программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал китеп окуу, саякаттоо, музейлерге жана маданий иш-чараларга катышуу аркылуу дем алып турат.