Бишкек

Чолпон
Баекова

Азыр, Кыргызстандагы аялдар кыймылынын жүз жылдыгында, өлкөнүн саясий тарыхында өз изин калтырган көрүнүктүү аялдарды эскерүү керек. Улуттук лидер болгон бардык аялдарды атап чыгуу оңой эмес, бирок атайын көңүл бурууну талап кылган легендарлуу фигуралардын бири— Баекова Чолпон Турсуновна."

Ал бийликке кирип гана тим болбостон, өз позициясын сактап, салттуу түрдө аялдын орду үй-бүлө деп эсептелген өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошо алган. Чолпон Турсуновна тоскоолдуктарды жеңип, коомдук өзгөрүүлөргө таасир этип, келечекти калыптандырган аялдардын күчү менен туруктуулугунун мисалы.

Өмүр баяны

Баекова Чолпон Турсуновна Ош облусунун Өзгөн районунун Ленинское айылында туулган.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Л. Толстой атындагы орто мектепти аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, аны 1969-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1990-жылы Чолпон Турсуновна Москвадагы КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясында окуусун аяктап, юридика илимдеринин доктору болгон.
Эмгек жолун 1969-жылы Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору катары баштаган.
Эмгек жолун 1969-жылы Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору катары баштаган. Беш жыл бою Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун мүчөсү болгон. 1982-жылдан баштап Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы, 1985-жылдан баштап Ысык-Көл облустук профсоюзунун төрайымы кызматтарын ээлеген.

1988-жылы Чолпон Турсуновна Кыргыз ССРинин юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалган, ал эми 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын эл депутаты болуп шайланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин мыйзамдуулук, мыйзам чыгаруу жана укук тартиби маселелери боюнча туруктуу комиссиясын жетектеген.
Чолпон Турсуновна Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматын ээлеген.
1997-жылдан 2007-жылга чейин, 14 жыл бою, ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрайымы болуп, өлкөдө бул кызматты ээлеген биринчи аял болгон. 2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, Чолпон Турсуновна Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматын ээлеген.

Өлкөгө кошкон салымы

Өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө ал татаал жана, адатта айтылгандай, популярдуу эмес чечимдерди кабыл алып, өз көз караштарын тайманбастык менен жактап, оппоненттеринин көзүнө тике караган. Анын өмүр баяны эгемендүү Кыргызстандын калыптануу тарыхы менен ажырагыс байланышта. Маектеринин биринде ал: «Юрист, дегеле, дарыгер сыяктуу эле, башка адамдар менен түздөн-түз байланышта болуп, адам тагдырларына таасир эткен кесиптердин бири. Биздин медиктер менен бир урааныбыз бар — зыян келтирбе. Эгерде биз жаңылышып, туура эмес чечим кабыл алсак, адам өмүр бою азап чегиши же ал тургай өмүрүнөн ажырап калышы мүмкүн», — деп белгилеген.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (1994-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995-ж.), III даражадагы «Манас» ордени (1997-ж.), II даражадагы «Манас» ордени (11.2009), «Руханият» ассоциациясынын «Курманжан Датка» эл аралык сыйлыгы (1999-ж.), Москва юристтер клубу тарабынан ыйгарылган «Фемида-2000» эл аралык жогорку юридикалык сыйлыгы (2000-ж.), судьянын жогорку квалификациялык классы (2004-ж.), Кембридж эл аралык өмүр баян борбору (Англия) тарабынан ыйгарылган «2007-жылдын эл аралык профессионалы» (2007-ж.) жана «21-кылымдын көрүнүктүү интеллектуалы» (2007-ж.) эл аралык сыйлыктары менен сыйланган.
Өлкө үчүн эң оор жана бурулуш учурларда, саясий кризис мезгилинде Чолпон Турсуновна тайманбастык менен жоопкерчиликти өзүнө алып, Кыргызстанды туруктуу жана укуктук нукка бурууга өбөлгө түзгөн Конституциялык чечимдерди кабыл алган.
Чолпон Баекованын тарыхы боюнча акцияга катышуу үчүн арыздын автору: Гүлжамал Султаналиева

Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш