Чинара Сагындыкова

Ысык-Көл
Кыргыз Республикасы Советтер Союзу тарагандан кийин эгемендүүлүккө ээ болду, бирок муну менен бирге көптөгөн сыноолорго жана кыйынчылыктарга туш келди. Көптөгөн жарандар жумушунан жана туруктуу кирешесинен, демек, негизги жашоо тирегинен ажырап калышты.
Республиканын экономикасы «эркин базар» жолуна өткөндө, адамдар жаңы шарттарда киреше табуунун альтернативдүү жолдорун издей башташты жана кээ бирлери аргасыздан өз ишмердүүлүгүн өзгөртүштү. Мурдагы дарыгерлер, мугалимдер, заводдордун жумушчулары ж.б. жеке ишкердикте алгачкы кадамдарын жасай башташты.
Биз ийгиликтүү аялдардын ишкердигинин жана менторлугунун бир мисалын келтиргибиз келет.

Өмүр баяны

Чынара Касымовна Сагындыкова 1959-жылы Фрунзе шаарында геология илимдеринин доктору, профессордун жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген педиатрынын үй-бүлөсүндө туулган.
Мектепти аяктагандан кийин КММАнын педиатрия факультетине тапшырган. КММАдагы окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин турмушка чыгып, жолдошу менен Пржевальск шаарына көчүп кеткен.
Бул жерде, Караколдо, 1985-жылдан 2004-жылга чейин балдар поликлиникасында жана медициналык окуу жайында дарыгерлик жана окутуучулук иш менен алектенген.
2000-жылдардын башында туризм акырындап өнүгө баштады, алгачкы конок үйлөрү пайда боло баштады, Хельветас долбоору башталды жана 2002-жылы Чынара медициналык окуу жайдагы ишин айкалыштырып, чет элдик туристтерди кабыл алуу боюнча окутуу долбооруна катышууну чечти.


Анын конок үйү Караколдогу эң жайлуу конок үйлөрдүн бири катары жакшы баасын алган.
Чынаранын меймандостугунун жана үй-бүлөнүн талыкпаган эмгегинин, ошондой эле эл оозундагы кептердин аркасында жыл сайын жаңы коноктор көбөйүп, бир нече жылдан кийин үй-бүлөлүк конок үйү Караколдогу эң жайлуу конок үйлөрүнүн бири катары өзүн көрсөттү.

2002-жылы Чынара коноктордун ыңгайлуулугун жакшыртуу үчүн жетишпеген эмеректерге биринчи насыяны алууга аргасыз болгон, жалпысынан 2002-жылдан 2024-жылга чейин курулушка жана өнүктүрүүгө 10дон ашык насыя жана инвестиция алынган.


Чынара ошондой эле Швейцариянын BPN CA долбоору тарабынан Кыргызстандын эң ийгиликтүү бизнес-кейстеринин бири катары тандалган.
Бул жылдар аралыгында конок үйү толук кандуу Green Yard мейманканасына айланып, КАТОнун (Кыргыз Туристтик Операторлор Ассоциациясы) версиясы боюнча «Кыргыз Республикасынын мыкты конок үйү/мейманканасы», Туризм министрлигинин «Кыргыз Республикасынын мыкты мейманканасы» наамдарына бир нече жолу ээ болгон, жергиликтүү гезиттерде жана чет элдик журналисттердин репортаждарында Кыргыз Республикасындагы жеке ишкердиктин ийгиликтүү кейстеринин бири катары белгиленген.

Чынара ошондой эле Швейцариянын BPN CA долбоору тарабынан Кыргызстандын эң ийгиликтүү бизнес-кейстеринин бири катары тандалып алынып, Швейцария боюнча таанышуу туруна катышкан.

Өлкөгө кошкон салымы

Чынара Касымовна үй-бүлөсүнүн колдоосу менен жана өз күчү менен үй-бүлөлүк бизнести кура алды, ал мейманкана бизнесин өнүктүрүүнүн эң ийгиликтүү ата мекендик мисалдарынын бири болуп калды.

Үлгүлүү салык төлөөчү болуп саналат, Ысык-Көл облусу боюнча МСКБдан бир нече жолу ыраазычылык каттар жана «Жылдын мыкты салык төлөөчүсү» наамын алган.
Эки уулун, альпинисттер Акбашев Тимур менен Акбашев Айдарды тарбиялап өстүргөн, алар Кыргыз Республикасынын альпинизм боюнча курама командасынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасында профессионалдык альпинизмди өнүктүрүп жатышат.
Аялдардын ишкердигинин жакшы үлгүсү болуп, үзгүлтүксүз коомдук жана ментордук иштерге катышып, окутуп, тажрыйба бөлүшүп жана жергиликтүү потенциалды өнүктүрүп келет.
Булактар

YOUtube Women’s Forum KURAK  YOUtube каналындагы видеомаек
Чынара Сагындыкова Green Yard

greenyard.kg сайтындагы макала
ИСТОРИЯ ОТЕЛЯ

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш