Чынара Ахмедова 1956-жылдын 4-декабрында азыркы Баткен шаарында төрөлгөн.
Алыскы аймактан чыккан бул аял өзүнүн бекем мүнөзү жана так максаты менен айырмаланат. Мектепти бүткөн соң, ал Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетине тапшырып, аны артыкчылык менен аяктаган. Орус тили жана адабияты мугалими катары эмгек жолун баштап, бирок тез эле мектептен тышкаркы коомдук иштерге аралашат. Комсомол, «Билим» коому, партиялык идеология, тарбия иштери — анын тажрыйбасы ар тараптуу.
Ар түрдүү кызматтарды аркалаганы менен, анын ишинин өзөгү бир: билим берүү, дем берүү
жана уюштуруу.