Бүбүйна
Орузбаева

Ысык-Көл
Орузбаева Бүбүйна Өмүрзаковна — Кыргызстандагы алгачкы көрүнүктүү аял илимпоздордун бири болуп, кыргыз тилин өнүктүрүүдө жана мамлекеттик тил саясатын калыптандырууда өзгөчө роль ойногон инсан. Ал кыргыз тил илиминде, лексикология, грамматика жана терминология тармагында чоң салым кошуп, өлкөбүздүн мамлекеттик тилин мыйзамдык деңгээлге чыгарууга активдүү катышкан. Бүгүнкү күндө да анын илимий эмгектери тилчи адистер жана изилдөөчүлөр үчүн маанилүүлүгүн жоготкон жок.

Өмүр баяны

 Бүбүйна Орузбаева 1924-жылдын 4-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында туулган.
1940-жылы жети жылдык мектепти аяктагандан кийин М. Горький атындагы педагогикалык окуу жайында, андан соң мугалимдер институтунда билим алган. 1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн, кийин өз өмүрүн илимий жана педагогикалык ишмердүүлүккө арнаган. 1951-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда эмгек жолун баштап, кенже илимий кызматкерден институттун директоруна жана түркология менен терминология секторунун башчысына чейин жеткен.
1952-жылы «Кыргыз тилиндеги өткөн чак формасы» темасында кандидаттык диссертациясын, 1964-жылы Казак ССР Илимдер академиясынын Тил илимдер институтунда «Заманбап кыргыз тилинде сөз тузүлүшү» темасында докторлук диссертациясын коргогон. 1967-жылы ага профессор наамы ыйгарылган.

Өлкөгө кошкон салымы

Бүбүйна Өмүрзаковнанын илимий ишмердүүлүгү кыргыз тилин өнүктүрүүгө, анын мамлекеттик тил катары кабыл алынышына чоң таасир берген. Ал «Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын» иштелип чыгышына түздөн-түз катышкан. Ошондой эле «Орусча-кыргызча сөздүк» жана көп томдук «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» башкы редактору болгон.
Анын изилдөө темалары лексикография, грамматика, жазма эстеликтер, тюркология жана тарыхый тил өнүгүшүн камтыган. Айрыкча 1984-жылы жарык көргөн «Кыргыз тилиндеги сөз тузүлүшү» аттуу эмгеги кыргыз тилинин түзүмүн жана өнүгүшүн түшүндүрүүдө негизги булак болуп калды.
Бүбүйна эже кыргыз тилин дүйнөлүк деңгээлде таанытуу максатында эл аралык тюркологиялык конгресстерге катышып, Түркиянын Лингвистикалык коомунун мүчөсү болгон. Анын илимге, билимге, жана улуттук тилге кошкон салымы үчүн ага «Манас» ордени III даражадагы, «Даңк» медалы сыяктуу бир катар сыйлыктар ыйгарылган.
Ал илимий жаңычылдыгы менен гана эмес, улуттук тилге болгон берилгендиги менен да эсте кала турган инсан. Бүбүйна Өмүрзаковнанын өмүр жолу жана эмгеги кийинки муун илимпоздоруна чоң дем жана үлгү бойдон калууда.
Булактар

Википедия сайтындагы биографиясы
Орузбаева Бүбүйна
Тарыхтагы окуя тууралуу арыздын автору: Гүлмира Жапарова

Ысык-Көл облусу

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш