ААзада Бегимкулова 1950-жылдын 10-ноябрында Жалал-Абад шаарында төрөлгөн.
Үч жашында апасынан айрылып, чоң ата-чоң энесинин колунда Наманган облусунун Монгол айылында чоңойгон. Бала кезинен поэзияга кызыгып, мектептеги адабий ийримдерге катышып, алгачкы ырларын жазган.
Орто мектепти бүткөн соң Фрунзедеги кооперативдик техникумга тапшырып, ошол жерден адабиятка болгон жөндөмүн өнүктүргөн.