Апиза Муйдуновна Жороева 1958-жылдын 12-августунда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн.
1975-жылы мектепти аяктагандан кийин энесинен кол өнөрчүлүктүн алгачкы ыкмаларын үйрөнүп, бул өнөрдү өздөштүрө баштаган. Ал төрт уул жана бир кыздын мээримдүү апасы. 2016-жылдан бери Апиза апа ар кандай фестивалдарга, жарманкелерге жана маданий иш-чараларга активдүү катышып келет. 2023-жылы Лейлек айыл өкмөтүнүн ардак грамотасына, ал эми 2024-жылы Баткенде өткөн «Кылым карыткан кыргыз килеми» фестивалынын байгесине ээ болгон. Учурда ал ондон ашуун аялдан турган топту жетектеп, алар менен биргеликте жүн иштетип, таар, белдемчи жана башка улуттук буюмдарды жасап чыгышат.