Бишкек

Аписа
Омурова

Эгер темир жолдор сүйлөй алса, алар 1943-жылдын ошол январь таңын шыбырап айтып беришмек. Шамалдын ызгырыгы менен буу поездин үнү жаңырып турган маалда, бир аял алдыга илгерилеп бараткан.
Ал жөн гана машинист эмес, ал – баатыр болчу.

Анын аты Аписа Өмүрова эле. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи аял-машинист катары алтын тамгалар менен жазылды. Анын тагдыры – өжөрлүк менен кайраттуулуктун символу.



Өмүр баяны

Аписа 1922-жылдын 13-мартында төрөлгөн.
1937-жылы Аписаны темир жол окуу жайына жиберишет. Ошол жерден ал алгач ирет мазуттун жыты менен ысык темирдин ысыгы анын жүрөгүндө белгисиз бир сезимди ойготконун сезет. Ал слесарь адистигинде окуп, ар бир болтту бекем бурап, ар бир балка менен урган согушу — аялдарга ишенбеген дүйнөгө чакырык сыяктуу угулчу.
1940-жылы ага Алматыдагы машинисттердин курсунан өтүү мүмкүнчүлүгү берилгенде, Аписа дароо макул болот. Тогуз айлык катуу окуудан кийин ал экзаменге кирет. Өзүнө ишенген жаш кыз кыйын сынактан мыкты баалар менен өтөт. Дүйнө биринчи жолу аялдын назик колдору паровоздун кубатын башкара аларын көрдү.
Ал кезде машинист болуу чоң сыймык эле болбостон, жумуштун оордугу да бар эле. Паровоз айдаш үчүн бул бутуңа тикеден туруп, тынымсыз сааттап отко көмүр ыргытып, аркаңда ондогон адамдардын өмүрү бар экенин унутпоо керек.

Өлкөгө кошкон салымы

Темир жол тармагындагы пионер: Аписа Өмүрова Кыргызстандын алгачкы аял-машинисти болуп, бул кесипке башка аялдардын келүүсүнө жол ачкан.

Узак жана берилген эмгек: Ал темир жолдо 50 жылдан ашык иштеп, Кыргызстандын темир жол тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Жогорку профессионализм үлгүсү: Ал паровозду башкарып эле тим болбостон, аны өз алдынча оңдоп, депого кирбей эле көйгөйлөрдү чече алган.
Сыйлыктары жана таанылуусу:
Өзүнүн эмгеги үчүн Аписа Өмүрова «Ардак темир жолчу», «Кыргыз темир жолунун ардактуу ардагери» деген наамдарга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсияга татыктуу болгон.

Анын эрдиги жогорку баага татыды: Аписа Өмүрова Ленин ордени менен сыйланды. Анын ысымы бүтүндөй өлкөгө тарады. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп, аялдардын ар кандай кесипти өздөштүрө аларын далилдеди.
Бирок анын темир жолдогу иши гана эмес, жалпы жашоосу чоң сабак болду. Ал бардык кыйынчылыктарды жеңип, өз ишине берилген адис катары тарыхта калды. Анын көздөрүндө поездин мешиндеги жалындай өчпөс ишеним күйүп турчу.
Баатырлар жөнүндө сөз кылганда адам өмүрүн сактап калгандарды чанда эстейбиз. Алардын бири Аписа Өмүрова.
Булактар

Кыргыз Темир Жолу сайтындагы биографиясы
Аписа Омурова

Биографиясы
Аписа Омурова

Бул маалыматты даярдаган: Арууке Жабаева

Бишкек ш.

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш