2000-жылдардын башы Кыргызстандагы жаштар үчүн олуттуу сыноолордун мезгили болду. Экономикалык кыйынчылыктар, ресурстардын тартыштыгы, мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги жаштарды сындырган жок — тескерисинче, өзгөрүүлөргө болгон умтулууну ойготту. Дал ушул оор мезгилде кийинчерээк өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон жаштар кыймылынын пайдубалы түптөлдү. Ушул кыймылга ишенип, жаштар менен иштөөгө өзүн арнаган инсан — Анастасия Стыценко.
Өмүр баяны
Анастасия Стыценко 1989-жылы Каракол шаарында төрөлгөн.
Анын жолунун башаты 2007-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшыруу менен башталган. Алгач филология факультетине кирген, бирок кийин экономикага кызыгып, 2013-жылы артыкчылык менен экономист дипломун алган.
«Лидерство» жаштар ыктыярчылар уюмуна катардагы ыктыярчы болуп, ал уюмдун директору болуп дайындалган.
Анастасиянын жаштар уюмундагы ишмердүүлүгү 2006-жылы башталган. «Лидерство» жаштар ыктыярчылар уюмуна катардагы ыктыярчы болуп кирип, андан кийин бухгалтердин жардамчысы болуп иштеген. 2012-жылы ал уюмдун директору болуп дайындалган. Анын лидерлиги менен «Лидерство» билим берүү жана социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруучу күчтүү платформага айланды. Уюм Каракол шаарынын жана жалпы региондун жаштарына колдоо көрсөтүп келет.
Өлкөгө кошкон салымы
Анын эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири — «Караколдун маданий мурастарын сактайбыз» демилгеси. Бул долбоор 2017-жылы «Internews» уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Анын алкагында:
Караколдун тарыхый жайларынын интерактивдүү онлайн-картасы түзүлгөн;
Маданий мурастын маанилүүлүгү тууралуу медиакампания өткөрүлгөн;
Каракол шаарында алгач ирет «Том СойерФест» фестивалы уюштурулуп, ыктыярчылар эски имараттарды оңдоо иштерин жүргүзүшкөн;
20 тарыхый жайга QR-коду бар маалымат тактайчалары орнотулуп, алардын тарыхы тууралуу маалымат берилген.
Анастасия ыктыярчылар кыймылын жетектөө менен гана чектелбестен, Караколдун маданий жана тарыхый мурастарын сактоого багытталган долбоорлорду демилгелеген.
Бул демилгелер Караколдун архитектуралык келбетин сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн буруп, башка аймактарга үлгү боло алган.
Анастасия Стыценко — бул билимге болгон умтулуусу, жигердүүлүгү жана өз шаарына болгон сүйүүсү менен коомду өзгөртө алган инсандын ачык мисалы. Анын Каракол жана Ысык-Көл аймагына кошкон салымы — Кыргызстандагы маданий өзгөчөлүктү сактоодогу маанилүү иштердин бир бөлүгү.
Бул баянды иш-чарага сунуштаган автор: Лейла Салимова