Алтынай Жолдошбаева 1922-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Жаш кези Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туш келип, күйөөсү фронтко кетип, кайтпай калган.
Ал үч баласы менен жалгыз калып, талаада иштеп, үй-бүлөсүн жана элди багып, жеңишке салым кошкон. Согуштан кийин да айыл чарбасында ишин улантып, звеньевой, ферма башчысы, андан кийин бригадир болгон.
Анын бригадасы жогорку түшүмдүүлүккө жетишип, жүгөрү, буудай жана тамеки өндүрүүдө мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылган. Эмгеги бааланып, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана башка сыйлыктар менен сыйланган.