Эң алгачкы кыргыз кино актрисасы, түрк тилдүү дүйнөдөгү биринчи стенографиялык окуу китебинин автору, стенограф-машинистка, окумуштуу-филолог Айша Карасаева керт башынын өсүү жолу менен гана алектенбей, кыргыз тил илимине опол тоодой эмгек калтырган тилчи, лексиколог, лексикограф Кусеин Карасаевдин байбичеси катары өмүрүнүн аягына чейин жолдошунун бардык илимий эмгектерине жардам берип, редакторлоп келген.
Өмүр баяны
Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.
Анын атасы мектеп директору жана агартуучу болгон. 1916-жылы каргашалуу окуялардан кийин Кытайдан кайтып келген соң Айшаны бала бакчага беришкен. Андан соң мектепте билим алып, 13 жашында Өзбек мамлекеттик киностудиясынын Лолахан Сейфуллинанын сценарийи боюнча тартылган “Саябан араба” тасмасында башкы ролду ойногон. Ал эми 1932-жылы Ленинграддагы жумушчулар факультетин бүтүргөн.
Айшанын жолдошу илимпоз, лингвист-түрколог жана мамлекеттик ишмер Кусеин Карасаев болгон.
Айшанын жолдошу илимпоз, лингвист-түрколог жана мамлекеттик ишмер Кусеин Карасаев болгон. Экөө Айшанын атасынын үйүндө таанышкан. Бул жерде билимге умтулган жаштар чогулуп турчу. Түгөйлөр 1930-жылы баш кошуп, үч кыздуу болушкан.
103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Ал 2014-жылдын 10-сентябрында 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. К. Жантөшев атындагы Каракол драматеатрында жарандык аза күтүү аземи өткөрүлдү. Айша Карасаеванын сөөгү кызынын мүрзөсүнүн жанына коюлду.
Өлкөгө кошкон салымы
АйшаАйша Карасаева кыргыз стенографиясынын негиздеген. Беш жылдай Москвадагы СССР элдеринин тилдери жана жазмалары боюнча илим изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп эмгектенет. Андан соң кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыгып, ал боюнча китебин окурмандарга сунуштайт. Бул эмгекти ал үйүндө бала багып жүргөн кезинде жазган. Кийин кадырлуу эс алууга чыкканга чейин 30 жылдай окутуучулукту аркалап, Кыргызстанда бир топ стенографисттерди тарбиялаган. Айша курстарга барып, стенографияны үйрөнүп, күйөөсүнүн оң колу жана жардамчысы болуп, анын эмгектерин кагазга түшүрүп, оңдоп-түзөп турган. Ал эми жолдошу каза болгондон кийин бардык материалдарды топтоп жүрүп, түйшүктүү эмгектен кийин Кусеин Карасаевдин дагы сегиз китебин жарыкка чыгарган.
PS: Мен Айша апанын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ал менен жолугуп, «Ысык-Көл кабарлары», «Багыт кg» гезиттерине макала жазгам. Тилекке каршы, ал гезиттер сакталбай калыптыр. Ошондо андан: «Апа, Кусейин ата түшүңүзгө киреби?», деп сурадым эле. Ошондо ал: «Ооба, жакында эле түш көрдүм. Атаңар аябай жасанып алыптыр, узун кара плащ, шляпасын кийиптир. Мага: „Жүрү, кеттик“, — деп, бир жакка барып келчүдөй суранып жатыптыр»,-деген эле. Ошондон бир ай өтпөй, апабыз каза болду. Экөө ээрчишип кеткен экен деп ойлодум…
Айша апабыз актёрдук карьераны эмес, үй-бүлөнү тандап, алар 70 жыл чогуу жашашкан. Алардын турмушу бир кыйла түйшүктүү жана оор болгонуна, К. Карасаевдин иштен айдалып, партиядан чыгарылганына, ал тургай бир нече жылдан кийин түрмөгө отургузулганына карабай, элге кызмат кылуу вазийпасын бирге аткарышкан.