Ош

Айкокул Мырзакаримова

Айкокул Мырзакаримова — Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы аял жетекчилердин бири. Ал айылдык кыздан мамлекеттин көрүнүктүү ишмерине чейин жетип, партиялык катаал режим убагында Ош облусунун Базар-Коргон районунун биринчи катчысы болуп 12 жыл жетекчилик кылган. СССР тарагандан кийин «Легендарлуу парламенттин» депутаты болуп, эгемендүү мамлекеттин пайдубалын түптөөдө активдүү роль ойногон. Айкокул айым — максатка умтулгандыкты, аялдын күчүн жана мамлекеттик ой жүгүртүүнү чагылдырган образ. Ал өз мисалы менен көптөгөн аялдарды өлкө башкарууга тартууга, коомго татыктуу кызмат кылууга шыктандырып келет.

Өмүр баяны

Айкокул Мырзакаримовна 1946-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыдырша айылында төрөлгөн.
Ош педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча билим алып, кийинчерээк Анжияндагы пахтачылык институтунда жана Москвадагы КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы Коомдук Илимдер академиясында билим алган. Эмгек жолун катчы катары баштап, ЗАГС бөлүмүн жетектеп, андан кийин партиянын райондук комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалаган.
Эгемендүүлүк келгенден кийин ал мамлекеттик администрацияда, маданият тармагында жетекчилик кызматтарды ээлеп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Анын көп жылдык эмгеги «Ардак белгиси» ордени, «Даңк» медалы менен бааланып, өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жеке пенсия алуучусу макамына ээ болгон.

Өлкөгө кошкон салымы

Айкокул Мырзакаримова кайсы кызматта болбосун, элдин турмушун жакшыртууну башкы максат кылып келген. Базар-Коргон районун жетектеп турган жылдары анын демилгеси менен мектептер, бала бакчалар, сүт ашканалар, маданият үйлөрү, мончолор жана заводдор курулган. Район айыл чарба жана маданият тармагында мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, төрт ирет Кызыл туу менен сыйланган.
Ал «Арстанбап» эс алуу зонасын өнүктүрүп, пансионаттар менен эмерек цехтерин ачкан. Эгемендүүлүк жылдары Кара-Суу районунда жакырчылыкты азайтуу, карылар үйүн, балдар борборлорун ачуу, маданиятты өнүктүрүү, фестивалдар жана поэтикалык конкурстарды өткөрүү багытындагы программаларды ишке ашырган.
Айкокул эже өзү да ыр жазат, райондук альманахтарды түзөтүп, элдик чыгармачылыкты ар дайым колдоп келген.
Анын көп жылдык эмгеги коомдогу ар улуттун тынч, гармониялуу жашоосуна жана социалдык туруктуулуктун пайдубалынын түптөлүшүнө чоң салым кошту.
Бул тарыхты сунуштаган:
Ормонова Авазкан

Ош шаары

Сизди дагы кызыктырышы мүмкүн

© 2025 Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы
Долбоордун демилгечиси
Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы

awli.kg@gmail.com

Каарман сунуштоо

Тарых

Кайтарым байланыш