Кампаниянын алкагында эмнелерди жасаш керек?Электрондук почта дарегине (
awli.kg@gmail.com) аялдын аты-жөнүн, анын өлкөгө кошкон салымынын сүрөттөлүшүн жибериш керек. Катта автор эмне себептен дал ушул аялды Кыргызстандын 100 көрүнүктүү аялдарынын тизмесине киргизүү зарыл деп эсептей турганын баяндап берүүгө тийиш.
Ошол эле маалда санариптештирилген сүрөттөрдү, документтерди, видеоматериалдарды, гезиттерге жана журналдарга чыккан макалаларды да сөзсүз тиркеш керек.
Окуяларды тандап алууда максималдуу инклюзивдүүлүк маанилүү критерий болуп эсептелет, б.а. тизмеге кирүүгө талапкер аялдар ишмердиктин ар кандай чөйрөлөрүнүн жана кесиптердин (өзгөчө «аялдардыкы эмес» деп айтыла жүргөн кесиптердин) өкүлдөрү болушу керек. Тизмеге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, ар түрдүү этностон, майыптыгы бар аялдардын киргени маанилүү.